БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Кемин райондук мамлекеттик администрациясы "Ак-Тилек" өткөрүү бекетиндеги жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына ысык тамак уюштурду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине райондук администрация башчысынын орун басары Айгүл Курманалиева билдирди.
© Фото / Айгуль КурманалиеваКемин райондук мамлекеттик администрациясы "Ак-Тилек" өткөрүү бекетиндеги жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына ысык тамак уюштурду
![Очереди на КПП Ак-Тилек Очереди на КПП Ак-Тилек - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103616/75/1036167550_0:0:720:960_600x0_80_0_0_c2ea29510c14c9f496d95045358c1c61.jpg)
Кемин райондук мамлекеттик администрациясы "Ак-Тилек" өткөрүү бекетиндеги жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына ысык тамак уюштурду
© Фото / Айгуль Курманалиева
"Учурда аталган көзөмөл өткөрүү бекетинде 380дей унаа кезек күтүп турат. Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен айдоочуларга палоо, салат жана суусундуктары менен таратылды", — деди Зарылбекова.
Ал ошондой эле айдоочулар тамактанган пункттарга көмүр түшүрүлгөнүн кошумчалады.
Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев кыргыз-казак чек арасында кезек күтүп турган айдоочуларга тамак уюштуруу үчүн бир миллион сом бөлгөн.
Белгилей кетсек, эки мамлекеттин чек арасындагы тоскоолдуктар 10-октябрдан тарта жаралган.