БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Жалал-Абад шаарынын тургуну бир ай мурда тааныш кызын өлтүрүп, короосуна көөмп койгондугун мойнуна алды. Бул туурасында шаардык милициядан кабарлашты.
Кылмышты Жалал-Абад облусу боюнча транспорттук ИИБ кызматкерлери 23-ноябрда "Нелегал" атайын иликтөө иштеринин учурунда ачкан.
![Убийство девушки в Джалал-Абаде Убийство девушки в Джалал-Абаде - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103648/85/1036488521_0:0:4200:3150_600x0_80_0_0_60f053cb38eb75f79ef1cd3780700a29.jpg)
"2017-жылдын октябрь айынын орто ченинде түнкү саат бирлер чамасында үйүнө келген 22 жаштагы тааныш кызды муунтуп өлтүрүп, өзү жашаган үйдүн короосуна 60-70 сантиметр тереңдикте жерди казып көөмп койгон", — деп айтылат маалыматта.
Сөөк көмүлгөн жерге Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилиги жана тергөө-ыкчам тобу барып, экспертизалар дайындалып, ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.
Каза болгон кыздын ким экендиги жана кайда туулгандыгы, кайсы даректе жашаары аныкталган.
Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 97-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.