Кожогелдиева: кыздарга өз укугун коргоону үйрөтөбүз
Кыздарга өз укугун коргоону үйрөтөбүз. Бул тууралуу Алтынгүл Кожогелдиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, көпчүлүк кыздар өз укуктарын билишпейт.
"Учурда 24 тренерибиз бар. Алардын 14тү кыздар. Калгандары ата-энелер жана активдүү балдар. Алар даярдыктан өтүп, кыздар укугун коргоо жаатында семинарларды өтүп келет. Иштегенибизге төрт жылдан ашып калды", — деди Кожогелдиева.
Ал аталган федерациянын мүчөсү Айтурган Жолдошбекова БУУнун конференциясына катышып, гендердик теңсиздик боюнча доклад окуп келгендигин кошумчалады.