БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Эмил Токтошев көрнөк-жарнактардагы каталар үчүн айып пул төлөөтүүнү сунуштады.
Аталган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлуп, парламенттин сайтына жарыяланган.
"Коомчулукта адабий тилдин нормасына ылайык туура эмес жазылган көрнөк жарнактарга нааразы болгон адамдар көп. Ошондуктан башкаруу тармагындагы жергиликтүү органдарга шаар, айылдарда ката жазылган көрнөк-жарнак илгендерди административдик жоопкерчиликке тартууга уруксат бериш керек", — деди эл өкүлү.
Депутат сөз орфографиялык жана грамматикалык каталар жөнүндө болуп жатканын белгиледи.
Эгер мыйзам долбоору ишке ашып калса, жөнөкөй жарандарга 500-1000 сомго чейин айып пул салынып, ал эми юридикалык жактар 2000ден 5000 сомго чейин акча төлөп калышат.