БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Американын Калифорния штатында эркек киши токойду каптап, шатырап күйгөн жалындын жанында чебелектеп чуркап жүрүп, коенду куткарып алды. Бул видео Eyewitness News порталынын Twitter баракчасына жарыяланган.
Man pulls over near La Conchita to save wild rabbit's life amid intense flames from the #ThomasFire https://t.co/e5UaqjzMhy pic.twitter.com/Qlk6oYWLs2
— ABC7 Eyewitness News (@ABC7) 7 декабря 2017 г.
Видеодо чолок шымчан киши өрткө чулганган жерде коркуп чуркап жүргөн жапайы коенду кармоого аракет кылып, далбастап, алакандарын чапкылап, колдорун жаңсап чуркап жүргөнүн көрүүгө болот. Бир нече убакыттан кийин ал коенду өрттөн чыгарып, бооруна кысып алып кетип баратканы кайдыгер калтырбай турган кадрлардан болгон.
Американын түштүгүндөгү Калифорния штатындагы улам күчөгөн өрттөн улам 200 000 адам эвакуацияланды. Тилсиз жоо 200гө чукул курулушту жок кылган. Баарынан көп Вентура округу жабыркап, 37 гектар жерди жалын каптаган.