Салам кат!
Бул сапар айылга кат жазуу кезеги мага келип, ал кезде баасын билбеген балалыгым, шалы кечкен күндөр, кайраттуу апам, элеттин жашоосун мага тааныткан таята-таенем кайрадан көз алдымдан тасма сымал чубурду.
Каль Ленин же Калинин
Дөң маңдай же кара кыз
Кичинемде мага "дөң маңдай" же "кара кыз" деп көп кайрылышчу. Чачым таптаза кырылган, кара тору, дөң маңдай кыз элем. Куурчактарымды апамды туурап "менин дөң маңдай кызым" деп эркелетчүмүн.
Тыным албай тезек тергенде…
3 же 4 жашымда апам жайлоого мени таштап кетет. Таенем колума капты карматып, "тезек тер"деп койсо керек, мен керели кечке ар кимдин боз үйүнө барып, дөң, талааларды кыдырып, бир топ эле жыйнап келиптирмин. Муну туугандар эмнегедир эч унутушпайт. Таенем "Аида мени ошол жылы тезек толук камсыз кылган" деп калчу.
Энем Мөкү
Кудайга миң мертебе шүгүр, энем Мөкүнүн көзү бар. Чынын айтайын, абдан кайраттуу, кыйын аял. Эч ким соодага кирише электе эле кымыз, зире сатчу. Өткөндө Өзгөндүн базарына кирип бара жатып, бул жакка балалыгымдан бери кире элегимди түшүндүм…. Анда энем ал жерде зире, калемпир сатаар эле. Анын жанында тыпыйып отуруп алып, эски китеп-журналдардын баракчаларынан зире жана калемпир үчүн кутучаларды даярдоо менин жумушум болчу. Өзгөн, албетте, палоосу менен даңктуу. Чын эле Өзгөндөгүдөй палоонун даамын мен эч жерден таппайм, өзүм да ашты жакшы демдейм. Бал чагымда шалыда да көп иштегем. Бутуң сууда, тырмактар саргайган, кээде бака жана жылан сойлоп өтүп кетет.