БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Кант шаарында өлгөн каргалар курсагы тойбой өлүп калганын мамлекеттик ветеринардык инспекциясынын маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, Кант, Кара-Балта жана Чалдовар шаарларына жакын жерде каргалардын тобу менен өлүшү тургундарды түйшөлткөн болчу.
Мамлекеттик ветеринардык инспекциясынын өкүлдөрү канаттуулар эч кандай оору менен оорубаганын, алардын өлүмү адамга эч кандай таасир бербей турганын аныкташкан. Дарыгерлердин айтымында, каргалар ачкадан өлгөн.