БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Индонезиядагы Суматра аралында Синабунг вулканы атылып, жергиликтүү элдин үшүн алды. Бул туурасында Синьхуа агенттигине шилтеме кылып РИА Новости жазды.
Дүйшөмбү күнү атылган жанар тоо күлүн беш чакырым бийиктикке чейин бүрккөн. Анын күлү кратердин эки жагына 4,9 жана 3,5 чакырымга чейин жеткен.
#gunung #Sinabung Kembali #meletus Setinggi 5.000 Meter, Tidak Ada Korban Jiwa Kunjungi https://t.co/eskk9w9ePS — #ProKabar pic.twitter.com/cexs2QufsN
— ProKabar.com (@prokabar) 19 февраля 2018 г.
"Мындай бийик жанар тоо быйыл кездеше элек болучу, муну рекорддук көрсөткүч деп атасак болот", — деп айтылат маалыматта.
Жанар тоонун кооптуулугу элди эвакуация кыла алган эмес.
Ал эми YouTube каналындагы видеодо жергиликтүү окуучулар менен эл ызы-чуу түшүп, кооптонуп жаткандыгын байкоого болот.
Синабунгдун бийиктиги 2 миң 460 метр. Ал 400 жылдан бери 2010-жылы атылып, андан үч-төрт жылдан кийин кыймылга келген.
2015-жылы июнда активдешкендиктен алты миңге чукул адамды коопсуз жайга көчүрүшкөн.
Индонезиянын тектоникалык кубаттуу жаракасынан улам окумуштуулар аны "Тынч океандын оттуу шакеги" деп аташат.