БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Таластын Үч-Эмчек айылында көк бөрү оюнунун учурунда бир улакчы каза тапканын ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, кырсык 21-март күнү — Ноорузда болгон.
Үч-Эмчек айылынын 32 жаштагы тургуну оюн кызыган маалда аттан жыгылып, эс-учун жоготуп койгон. Нөөмөттө турган Тез жардам кызматынын дарыгерлери биринчи медициналык жардам көрсөтүп, ооруканага алып жөнөшкөн. Бирок жабырлануучу саат 19.00дөрдө эсине келбеген боюнча жолдо үзүлгөн.
Бул жыл башынан бери улак тартыштагы биринчи окуя эмес. 27-январда Бишкектин четиндеги "Ак-Бата" жаңы конушунда аламан улакка катышкан оюнчу аты менен кошо сууга түшүп кетип каза болгон.
Андан эки күн мурда Ошто өтүп жаткан көк бөрү оюнун көрүүгө барган 12 жаштагы бала ат койдуруп кетип көз жумган.