Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги алдыга башканы салдырбаган, туягынан от чыккан мыкты күлүк менен жорголорду тизмектеп көрдү. Материал өлкөдөгү "Аргымак" федерациясынын колдоосу менен жасалды.
Кыргызстандагы эң мыкты жорголор
1. Вулкан
![Лучшие иноходцы КР — Вулкан Лучшие иноходцы КР — Вулкан - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102025/49/1020254979_0:0:2464:1632_600x0_80_0_0_2d19701374d78dc83aeb09de0b75f711.jpg)
Тукуму — орус таскагы
Жерлиги — Чүй облусунун Ысык-Ата районунан
Жашы — 7
Ата-энеси — Валдай жана Виктория
Багылган жылкы чарбасы — "Ашырбек Ата"
Ээси — Султан Маткеримов
Саяпкери жана чабандеси — Мыктыбек Токтосунов
Спорттук карьерасында 12 автоунаа уткан.
2. Ганг
![Лучший иноходцы Кыргызстана — Ганг Лучший иноходцы Кыргызстана — Ганг - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103842/03/1038420338_0:0:3110:2768_600x0_80_0_0_07ee9e2090afe4b21fcb339013a76e8d.jpg)
Тукуму — орус таскагы
Жерлиги — Нарын
Жашы — 9
Ата-энеси — Натиск жана Гисса
Ээси — Турсунаалы Мамбеаитов
Саяпкери — Керим Өмүралиев
Чабандеси — Авазкан Каныбек уулу
Спорттук карьерасында 7 автоунаа уткан. 2016-жылы "Мыкты жорго" номинациясын утуп алган.
3. Герда-Лок
![Лучшие скакуны КР — Герда-Лок Лучшие скакуны КР — Герда-Лок - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103842/04/1038420433_0:0:1000:666_600x0_80_0_0_5cfad150ac9b0f9e78c0f2f0caa1f9a6.jpg)
Тукуму — орус таскагы
Жерлиги — Бишкек
Жашы — 4
Атасы жана энеси — Айвори Ас жана Герцогиня
Багылган жылкы чарбасы — "Кулагер"
Ээси — Шавкет Тохтиев
Саяпкери — Мирзат Шүгүралиев,
Чабандеси — Алтынбек Каныбек уулу.
Спорттук карьерасында 2 автоунаа уткан. Мыкты кунан жорго (2016), Мыкты бышты жорго (2017).
Өлкөдөгү эң мыкты күлүктөр
1. Карат
![Лучшие иноходцы КР — Карат Лучшие иноходцы КР — Карат - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102025/47/1020254774_0:0:3456:2304_600x0_80_0_0_56cdc5af894859996e9f02f09ecb9798.jpg)
Тукуму — кыргыз бээси менен англис жылкысы аргындаштырылган
Жерлиги — Аламүдүн району
Жашы — 6
Ата-энеси — Доран менен Нуркыз
Ээси — Айдар Үтүров
Саяпкери — Солдат Раймалиев
Чабандеси — МаликТурар уулу
Спорттук карьерасында 7 авт унаа жана 40 000 доллар уткан
2. Байтору
![Лучшие скакуны КР — Байтору Лучшие скакуны КР — Байтору - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103842/07/1038420743_0:0:4200:2916_600x0_80_0_0_93f07b2d1292afcacfad6feeaa5ac504.jpg)
Тукуму — таза кандуу англис жылкысы
Жерлиги — Нарын
Жашы — 3
Ата-энеси — Баллингари жана Нью Бридж
Ээси — Турсунаалы Мамбеаитов
Саяпкери — Керим Өмүралиев
Чабандеси — Адыш Турат уулу
Спорттук карьерасында 2 автоунаа уткан. Казакстандын президенти менен "Тайтору" кубогунда (31 чакырым) — I орун (2017). Көчмөндөр оюнундагы кунан чабышта — I орун (2016).
3. Тумар
![Лучшие скакуны КР — Тумар Лучшие скакуны КР — Тумар - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103842/09/1038420904_0:0:2388:1592_600x0_80_0_0_1db8ba4a4f1da9e6f081c49f27af492d.jpg)
Тукуму — кыргыз бээси менен англис жылкысы аргындаштырылган
Жерлиги — Бишкек
Жашы — 3
Ата-энеси — Трон жана Жакара
Ээси — Жетен Байкулаков
Саяпкери — Дүйшөбай Намазов
Чабандеси — Балбай Илияев
Спорттук карьерасында 3 автоунаа уткан