00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Максимальный репост
16:04
45 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

ЖМК: Юрий Гагарин өлөр күнү документин унутуп калып үйүнө кайткан

© Sputnik / Юрий Абрамочкин / Медиабанкка өтүүБелгилүү космонавт Юрий Гагарин. Архив
Белгилүү космонавт Юрий Гагарин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилүү космонавт 1968-жылдын 27-мартында МиГ-15УТИ учагы менен шериги Владимир Серегин экөө машыгуу учурунда кырсыктаган

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Юрий Гагарин өлөр күнү аэродромго кирүүгө уруксат берген өткөрмө документин унутуп калып жарым жолдон үйүнө кайтып келген. Бул тууралуу космонавттын кошунасы, профессор, техникалык илимдин доктору Тамара Волынова РИА Новости агенттигине билдирди.

"Биз Юрий менен коңшулаш жашачубуз. Анын өмүрүнүн акыркы күнүндө жумушка чогуу чыкканбыз. Мен ишке кечигип жаткан болчумун. Апам лифттин эшигин кармап туруу үчүн сыртка чыкса, Юра лифттин ичинде күтүп турган экен. Чогуу ылдый түшүп, көчөнүн кесилишине чейин басып келгенибизде Юра "ии, мен биринчи жолу аэродромго кире турган өткөрмө документимди үйгө унутуп коюптурмун" деген бойдон артка кеткен", — деп Волынова Москвадагы журналисттер үйүндө сүйлөп жатып айтты.

Анын айтымында, Гагарин "сени бүт өлкө тааныйт, документи жок эле кете бер да" дегенге карабай артка жөнөгөн.

"Өткөрмө документи анын күрмөсүнүн чөнтөгүндө калган экен. Эртең мененки тамагын ичип жаткан балдарынын бетинен өөп чыгып кеткен", — деп Волынова кошумчалады.

Кечке жуук ал катуу ылдамдык менен бара жаткан бир нече кызматтык унааны көрүп, коңшуларынан Гагариндин жоголуп кеткенин уккан.

Космонавт Салижан Шарипов - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын туңгуч космонавты Салижан Шарипов тууралуу 5 факты
"Кандайча жоголуп кетти? Биз эртең менен чогуу ишке жөнөгөнбүз. Табылат дедим. Бирок кийинчерээк Юранын авиакырсыкка кабылганы маалым болду", — деди профессор.

Ал ошондой эле космонавттын үй-бүлөсү менен азыркыга чейин коңшулаш жашай турганын кошумчалады.

Гагарин 1968-жылдын 27-мартында МиГ-15УТИ учагы менен шериги Владимир Серегин экөө машыгуу учурунда кырсыктаган. Авиакырсыктын нагыз себеби бүгүнкү күнгө чейин белгисиз. Техниканын баары оң болгону аныкталган. Учкучтардын канында алкоголдук ичимдик жок болуп чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0