00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Максимальный репост
16:04
45 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Үйгө сүйрөп кирбейт, анты бар! Камчыга карата 6 "болбойт"

Жазылуу
Кыргыздар жылкыга гана аяр мамиле кылбастан, ат минүүдө керектелүүчү буюмдарга — ат жабдыктарына да өзгөчө көңүл бурушкан. Айрыкча "койнуңда жатып билинбейт, аялдан өткөн душман жок, колуңда жүрүп билинбейт, камчыдан өткөн жолдош жок" деп камчынын орду өзгөчө болгон.

Sputnik Кыргызстан агенттиги бул ирет этнограф Динара Молдокулованын жардамы менен эркектин эң керектүү буюму делген камчыга байланыштуу тыюуларды тизмектеп чыкты.

Камчыны үйгө сүйрөп кирбейт. Аны үйгө кирерде бүктөп кирип, чыгып баратканда бүктөп чыгат. Камчыны сүйрөп кирүү — душмандыктын белгиси катары сыпатталган. Ал эми үйдөн камчыны бүктөбөй чыгып кетүү нааразычылыкты билдирген.

Талаадагы жылкы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Камчыдан башка эмне билебиз? Ат жабдыктары боюнча кезектеги тест
Камчыны таштабайт. Үйгө келгенде же конокко барганда камчыны боз үйдүн кире беришинин сол тарабындагы керегеге кыстарып же керегенин башына илип койгон. Же болбосо аттан түшүп, үйгө жакындап келе жатканда өтүгүнүн кончуна салып койгон. Аны тебелеп-тепсеген да болбойт.

Узак сапарга чыгууда камчыны колдон түшүрбөйт. Бул тыюу — кыргыздарда жамандыктын белгиси катары каралган. Мындай учурда камчынын ээси атынан түшүп ат жабдыгын өзү алыш керек. Эгерде андан мурун камчыга башка бирөөнүн колу тийип кетсе же алып берип койсо, анда камданган жолго аттанбай, үйдө калуусу керек деп эсептешкен. Эгер кимдир бирөө жолдон камчы таап алса анын жолу болот, иши оңолот деп божомолдошкон.

Камчы менен бирөөнү урбайт, тап бербейт. Эл арасында камчынын анты бар деп айтылып жүрөт. Андыктан камчы менен бирөөнү чаап же сабаган таптакыр туура эмес.

Камчыны аттабайт. Аны эркек киши аттаса кубаты кетет деп айтылып жүрөт. Бул буюмду аял киши да көп кармабайт.

Камчыны ээсинен башка бөлөк бирөө албайт. Ат жабдыгы катары эсептелген камчыны ата-бабалар ар бир үйдө, өзгөчө эркек адам жок үй-бүлөнүн төрүндө дайыма илинип турушу керек деп эсептешкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0