АНКАРА, 10-апр. — Sputnik. Президенти Сооронбай Жээнбеков Түркиядагы расмий сапарынын алкагында бүгүн, 10-апрелде Анкара шаарында Чынгыз Айтматов атындагы көчөдө жайгашкан улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун бюстуна барды.
![Президенти Сооронбай Жээнбеков Түркиядагы расмий сапарынын алкагында бүгүн, 10-апрелде Анкара шаарында Чынгыз Айтматов атындагы көчөдө жайгашкан улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун бюстуна барды Президенти Сооронбай Жээнбеков Түркиядагы расмий сапарынын алкагында бүгүн, 10-апрелде Анкара шаарында Чынгыз Айтматов атындагы көчөдө жайгашкан улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун бюстуна барды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103860/13/1038601342_0:80:1859:1250_600x0_80_0_0_b928bea8e1ca5e95d874c750d98503fc.jpg)
![Мамлекет башчысы Айтматовдун бюстуна гүл коюп, бир мүнөт үн катпай улуу жазуучуну эскерди Мамлекет башчысы Айтматовдун бюстуна гүл коюп, бир мүнөт үн катпай улуу жазуучуну эскерди - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103860/13/1038601337_0:67:1860:1236_600x0_80_0_0_0912c507709c4ff8a8430ba68ffa410f.jpg)
![Жээнбеков иш-чарага катышкан Анкара шаарынын мэри Мустафа Тунага бюст орнотуу идеясын колдогондугу жана улуу жазуучуга болгон сый-урматы үчүн ыраазычылык билдирди. Жээнбеков иш-чарага катышкан Анкара шаарынын мэри Мустафа Тунага бюст орнотуу идеясын колдогондугу жана улуу жазуучуга болгон сый-урматы үчүн ыраазычылык билдирди. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103860/13/1038601348_0:33:1860:1203_600x0_80_0_0_9ccd4c521a69493135a04f0177048c09.jpg)
Мамлекет башчысы Айтматовдун бюстуна гүл коюп, бир мүнөт үн катпай улуу жазуучуну эскерди.
Кечээ, 9-апрелде түркиялык кесиптеши Режеп Тайип Эрдоган менен сүйлөшүүлөрдү жыйынтыктап жатып, Жээнбеков Түрк маданиятынын эл аралык уюму (ТҮРКСОЙ) 2018-жылды кыргыз элинин залкар жазуучусу Чынгыз Айтматовдун жылы деп жарыялаганын белгилеген.
“Менин Түркияга болгон расмий сапарым “Айтматовдун жылына” туш келди — бул тарыхый окуя”, — деп баса белгилеген өлкө башчы.
Чыңгыз Айтматов атындагы көчөгө бюст орнотуу идеясы Кыргызстандын Түркиядагы элчилигине таандык жана жазуучунун 2014-жылы белгиленген 85 жылдык мааракесине арналган. Бул идеяны Анкара шаарынын мэриясы колдоп, бюстту даярдоого каражат бөлгөн. Бюсттун автору кыргызстандык скульптор Чынгыз Шакеев.