00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Көз мончок
Туура макияж жасоонун сырлары — быйыл кандай макияж модада?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ПРООН мектепте окуучуларга тамак уюштурууда 900 мектепти камсыздайт
17:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Киноблог
Нуар под дождем: режиссер о необычном проекте
18:06
46 мин
Новости науки и новых технологий
Что будет с нашим Солнцем через миллиарды лет?
18:52
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Сох анклавында чыккан чыр боюнча өзбек тарап кылмыш ишин козгоду

© Sputnik / Егор Еремов / Медиабанкка өтүүЧек арачылар. Архив
Чек арачылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзбек тарап мындан кийин насостук станциянын кызматкерлеринин коопсуздугун сактоо милдетин алды

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара кызматынын өкүлдөрү, район акимдери, айыл башчылар, прокуратура, укук коргоо өкүлдөрү жана суу-чарба департаментинин чек арага жакын аймактагы бөлүмүнүн өкүлдөрү 11-апрелде жолугуп, 10-апрелде болгон чырды бирге талкуулашкан. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, тараптар Сох дарыясынын жанындагы "Ширеч" насостук станциясында кезиккен.

Белгилей кетсек, "Ширеч" насостук станциясынын кызматкери (КР жараны) өзбек жарандары тарабынан сабалган болчу.

Сох районунун прокурору насостук станциянын кызматкерин сабаган жаранга карата кылмыш иши козголуп, аны тергөө Өзбекстандын укук коргоо органдарына жүктөлгөнүн маалымдады.

"Сот ачык өтөт. Андан сырткары, козголгон кылмыш иши менен таанышуу үчүн документтер Кыргызстандын укук коргоо органдарына берилет. Жабыр тарткан КР жаранынын жакындары да тергөө менен тааныша алат", — деп айтылат маалыматта.

Өзбек тарап мындан ары насостук станциянын кызматкерлеринин коопсуздугун сактоо милдетин алды.

Эки мамлекеттин тийиштүү кызматтары чек арага жакын жашаган аймактагыларга түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.

Учурда кыргыз-өзбек чек арасындагы абал тынч.

Жаңылыктар түрмөгү
0