БИШКЕК, 25-май — Sputnik. 24-майга караган түнү Ысык-Көл жана Нарын облустарында калың жааган кардын айынан чабандардын канча магы өлүп, канчасы жоголгонун ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
![24-майга караган түнү Ысык-Көл жана Нарын облустарында калың жааган кардын айынан чабандардын канча магы өлүп, канчасы жоголгонун ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты 24-майга караган түнү Ысык-Көл жана Нарын облустарында калың жааган кардын айынан чабандардын канча магы өлүп, канчасы жоголгонун ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103933/54/1039335445_0:411:780:902_600x0_80_0_0_45a615337e8e7fd2c802f159b1184ea5.jpg)
![Эске салсак, буга чейин Ысык-Көлдө жааган кардын айынан 100дөн ашык, Нарында 200 кой өлгөнү кабарланган Эске салсак, буга чейин Ысык-Көлдө жааган кардын айынан 100дөн ашык, Нарында 200 кой өлгөнү кабарланган - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103933/54/1039335450_0:127:1039:780_600x0_80_0_0_0c0d364f717ec2d15cfd74ed5499a0f2.jpg)
![Көлдүн Ак-Суу району боюнча — 139 кой, үч жылкы, үч кулун, төрт музоо өлсө, Ысык-Көл районунун чабандары 225 кой менен бир уюнан кол жууган Көлдүн Ак-Суу району боюнча — 139 кой, үч жылкы, үч кулун, төрт музоо өлсө, Ысык-Көл районунун чабандары 225 кой менен бир уюнан кол жууган - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103933/54/1039335456_0:127:1039:780_600x0_80_0_0_3274e00404264648f46c6ac2ef455c1f.jpg)
![Ошондо облус боюнча 364 кой-эчки, үч жылкы, үч кулун, бир уй жана төрт музоо мерт кеткен Ошондо облус боюнча 364 кой-эчки, үч жылкы, үч кулун, бир уй жана төрт музоо мерт кеткен - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103933/54/1039335466_0:304:779:795_600x0_80_0_0_512aaf50a31ca8bd85aafdfbb1f3014a.jpg)
![Ал эми Ысык-Көл облустук администрациянын маалыматы боюнча зыянга учураган малдын саны бир аз көбүрөөк. Анда 424 баш кой-эчки, беш уй, алты жылкы деп көрсөтүлгөн. Ал эми Ысык-Көл облустук администрациянын маалыматы боюнча зыянга учураган малдын саны бир аз көбүрөөк. Анда 424 баш кой-эчки, беш уй, алты жылкы деп көрсөтүлгөн. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103933/54/1039335471_0:214:779:705_600x0_80_0_0_1584064db72f8448c1529aff944a0425.jpg)
Эске салсак, буга чейин Ысык-Көлдө жааган кардын айынан 100дөн ашык, Нарында 200 кой өлгөнү кабарланган.
Көлдүн Ак-Суу району боюнча — 139 кой, үч жылкы, үч кулун, төрт музоо өлсө, Ысык-Көл районунун чабандары 225 кой менен бир уюнан кол жууган. Ошондо облус боюнча 364 кой-эчки, үч жылкы, үч кулун, бир уй жана төрт музоо мерт кеткен.
Ат-Башы району боюнча өлгөн мал тууралуу жаңы маалыматтар жок. Бирок Ак-Сай өрөөнүндөгү Үч-Эмчек жайлоосундагы чабандын 800 баш кой-эчкиси жоголуп, 200ү кайра табылганы айтылды. Калган 600ү изделүүдө.
Маалыматка караганда, Ат-Башынын жайлоолорунда калган малга 65 түк чөп жеткирилди.
Бүгүн, 25-майда, эки облуста тең Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан чыгымдар такталат.