БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун акими болуп Айбек Кожошев дайындалганын өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиев кол койгон.
Кожошев буга чейин ушул эле райондо акимдин биринчи орун басары кызматын аркалап келген.
Белгилей кетсек, Тогуз-Торо районунун мурдагы акими Тилек Идирисовду 11-апрелде ошол кездеги өкмөт башчы Сапар Исаков иштен алган. Ал "Макмал" алтын комбинатынын ишмердүүлүгүнө нааразы болгон жергиликтүүлөрдүн чуу чыгарышына жол берген деген жүйө менен кызматтан бошотулган.
Тогуз-Торо районундагы "Макмал" алтын комбинатынын алдына митингге чыккан эл анын жанына курулган "Джи Эл Макмал Девелопинг" фабрикасынын курулуштарын өрттөп жиберген болчу.