БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 28-июнунда Жерди магнит бороону каптай турганын Россия Илимдер академиясынын Лебедев атындагы физика интитунунун лабораториясынын божомолунда айтылат.
Илимпоздор кезектеги магнит бороону беш баллдык көрсөткүч менен G1 биринчи даражасында болорун айтышты.
Буга чейин бороон 2-июнда болгону айтылат.
Магнит бороонунун адамга болгон таасири
Магнит бороондору кишинин саламаттыгына зыян келтире турганын медицина илимдеринин доктору Айнаш Шаршенова айтып берди. Анын сөзү боюнча биринчи кезекте бул табигый көрүнүштүн жүрөк-кан тамыр оорулары менен жабыркаган адамдар үчүн кооптуу, мында баш ооруп, жүрөктүн согушу ылдамдап, артериалдык кан басым жогорулап, кээде уйкусуздук менен коштолот.
"Кандын жүрүшү жайлап, мындан клеткалардын кычкылтекке муктаждыгы жогорулайт. Негизинен жашы өтүп калгандар этият болушу керек. Бирок бороондон калктын эмгекке жарамдуу бөлүгү да жабыркашы мүмкүн", — деди Шаршенова.
Илимпоз мекендештерди магнит бороондоруна даяр болууга чакырды. Бул үчүн эшикке көп чыкпай, жеңил кийинип, баш кийимди унутпай, бат-баттан суу ичүү жана уюлдук телефондорду азыраак пайдалануу зарыл.