БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Whatsapp тайпаларды Кыргызстанда менингит оорусунун күч алышы тууралуу билдирүүлөр тарап жатат.
"Менингит күч алыптыр. Өзгөчө кичинекей балдарга тез жугуп, бат эле чарчап калып жатышканы айтылууда. Балдарды сууга түшүрбөңүздөр, суукка алып чыкпаңыздар, бал муздак жедирбей, колун дайым жууп турсун, бассейнге түшпөсүн. Кичине эле грипп болсо тез эле менингитке айланып кетип жатыптыр", — деп айтылат билдирүүдө.
"Жыл башынан бери 10 бейтап гана катталды. Бул былтыркыга салыштырмалуу дээрлик үч эсеге аз. Менингит 15-20 жылда бир күч ала турган оору. Айтаарым, элди дүрбөлөңгө салган кишилер менен УКМК иштеши керек", — деди ал.
Дарыгердин айтымында, менингитке кабылган адамдын башы катуу ооруп, жүрөгү айланып, дене табы жогорулайт.