БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Россияда өткөн футбол боюнча дүйнө биринчилигинде Франция чемпион болду. Финалда Франциянан курама командасы Хорватияны 4:2 эсебинде утуп алды.
Чемпионаттын финалы Москва шаарындагы "Лужники" стадионунда өтүп, аргентиникалык калыс Нестор Питана көзөмөлдөдү.
![Россияда өткөн футбол боюнча дүйнө биринчилигинде Франция чемпион болду. Финалда Франциянан курама командасы Хорватияны 4:2 эсебинде утуп алды Россияда өткөн футбол боюнча дүйнө биринчилигинде Франция чемпион болду. Финалда Франциянан курама командасы Хорватияны 4:2 эсебинде утуп алды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104019/32/1040193236_0:0:2287:1436_600x0_80_0_0_54802aadc75b2067b4c25e984245bfc0.jpg)
![Оюн башталганда эле командалар мыкты болуш үчүн өз аракеттерин көрүштү. 18-мүнөттө француздар эсепти ачты Оюн башталганда эле командалар мыкты болуш үчүн өз аракеттерин көрүштү. 18-мүнөттө француздар эсепти ачты - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104019/32/1040193296_0:0:3235:2034_600x0_80_0_0_0ee6bcab5daf2cce45468932c230d753.jpg)
![Арадан он мүнөт өткөндөн кийин 28-мүнөттө хорватиялык Иван Перишич эсепти теңеди Арадан он мүнөт өткөндөн кийин 28-мүнөттө хорватиялык Иван Перишич эсепти теңеди - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104019/33/1040193356_0:0:2977:1871_600x0_80_0_0_079931c7e6ae2fedbfffc4fca2c7de14.jpg)
![Ал эми 38-мүнөттө футболчу Антуан Гризман пенальти тээп командасын 2:1 эсибенде алдыга сууруп чыкты Ал эми 38-мүнөттө футболчу Антуан Гризман пенальти тээп командасын 2:1 эсибенде алдыга сууруп чыкты - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104019/34/1040193415_0:0:2751:1728_600x0_80_0_0_f10b302a73542b4d2e0ceb997c9c7eba.jpg)
![59-мүнөттө франциялык оюнчу Поль Погбанын тепкен тобу атаандашынын дарбазасына кирип эсеп 3:1 болду 59-мүнөттө франциялык оюнчу Поль Погбанын тепкен тобу атаандашынын дарбазасына кирип эсеп 3:1 болду - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104019/34/1040193478_0:0:2969:1865_600x0_80_0_0_db7ea3021f985842ccb1205fb54971d7.jpg)
![Арадан алты мүнөт өткөндө франциялыктар дагы бир гол киргизди. Бул жолу Килиан Мбаппенин тепкен тобу ийгиликтүү болду. Эсеп 4:1 Арадан алты мүнөт өткөндө франциялыктар дагы бир гол киргизди. Бул жолу Килиан Мбаппенин тепкен тобу ийгиликтүү болду. Эсеп 4:1 - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104019/35/1040193539_0:0:2761:1735_600x0_80_0_0_bc33ad5e032fcc959084ed1dfb880f8b.jpg)
![Хорватиялыктар дагы оңой менен жеңилип бергиси келген жок. Экинчи таймдын 69-мүнөтүндө Марио Манджукичтин тепкен тобу атаандашынын дарбазасына кирип, эсеп 4:2 болду Хорватиялыктар дагы оңой менен жеңилип бергиси келген жок. Экинчи таймдын 69-мүнөтүндө Марио Манджукичтин тепкен тобу атаандашынын дарбазасына кирип, эсеп 4:2 болду - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104019/36/1040193600_2:0:3074:2048_600x0_80_0_0_a8bac8c0580324a9c3720449d802c4ba.jpg)
![Калыс негизги таймга 5 мүнөт кошуп берди. Бирок командалардын аракетинен майнап чыккан жок. Калыс негизги таймга 5 мүнөт кошуп берди. Бирок командалардын аракетинен майнап чыккан жок. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104019/39/1040193901_0:0:3061:1924_600x0_80_0_0_7119a0f312683dcbf79daab7435f9ce2.jpg)
Оюн башталганда эле командалар мыкты болуш үчүн өз аракеттерин көрүштү. 18-мүнөттө хорватиялык оюнчу Марио Манджукич өз дарбазасына гол киргизип алды. Арадан он мүнөт өткөндөн кийин 28-мүнөттө хорватиялык Иван Перишич эсепти теңеди. Ал эми 38-мүнөттө футболчу Антуан Гризман пенальти тээп командасын 2:1 эсибенде алдыга сууруп чыкты. Биринчи тайм аяктагандан кийин калыс кошумча 3 мүнөт берди.
Экинчи таймдын 53-мүнөтүндө аскер кийимин кийген күйөрмандар оюн талаасына чуркап чыкты.
59-мүнөттө франциялык оюнчу Поль Погбанын тепкен тобу атаандашынын дарбазасына кирип эсеп 3:1 болду. Арадан алты мүнөт өткөндө франциялыктар дагы бир гол киргизди. Бул жолу Килиан Мбаппенин тепкен тобу ийгиликтүү болду. Эсеп 4:1.
Калыс негизги таймга 5 мүнөт кошуп берди. Бирок командалардын аракетинен майнап чыккан жок.
Франция ушуну менен экинчи жолу дүйнө чемпиону болуп жатат. 1998-жылкы Футбол боюнча дүйнө чемпионатында Бразилияны утуп чемпион болгон.
Ал эми үчүнчү орун үчүн Бельгия менен Англия беттешкен. Жыйынтыгында бельгилык оюнчулар 2:0 эсебинде жеңишке жеткен.
Белгилей кетсек, быйыл футбол боюнча дүйнө чемпионаты 14-июнда башталып, 15-июлда жыйынтыкталды. Оюндар Россиянын 11 шаарындагы 12 стадиондо өттү.