Санжыраны изилдөө менен тарыхты үйрөнөбүз. Санжыра жана тарых бири-бири менен тыгыз байланышкан. Мындай пикирин Жылдыз Мамытова Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ар бир адам өз санжырасын билиши керек.
"Санжыра унутулуп бара жатат. Бирок биз ага жол бербешибиз керек. Бул маселе ата-энелер балдарына өздөрүнүн тарыхы, ата-бабасы тууралуу маалымат бербей жаткандыктан чыгууда. Ошондуктан ар бир ата-эне баласына чоң атасы ким болгон, чоң атасынын чоң атасы кандай жумуштарды жасагандыгы тууралуу маалымат бериши шарт. Антпесе, кыргыз өзүнүн ким экенин унутуп коюшу мүмкүн", — деди ал.
Мамытова санжыраны жайылтуу максатында жаштарга ата-бабаларынын аты түшүрүлгөн футболкалар даярдалып жатканын кошумчалады.