КЫРЧЫН, 3-сен.— Sputnik. Бишкектен барган чебер жана соодагер Аалы Касымов Кырчын жайлоосундагы этно базарга 30 карышкырдын терисин алып чыгып сатууда.
![Бишкектен барган чебер жана соодагер Аалы Касымов Кырчын жайлоосундагы этно базарга 30 карышкырдын терисин алып чыгып сатууда Бишкектен барган чебер жана соодагер Аалы Касымов Кырчын жайлоосундагы этно базарга 30 карышкырдын терисин алып чыгып сатууда - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104094/41/1040944175_41:0:1186:720_600x0_80_0_0_f2753129e6289cb785c5b6e97032567f.jpg)
![Касымов базарга алып чыккан жөнөкөй терилер 15-20 миң, тирүү карышкырдын сөлөкөтү түшүрүлүп жасалганы 75 миң жана башы 45 миң сомдон сатылат. Касымов базарга алып чыккан жөнөкөй терилер 15-20 миң, тирүү карышкырдын сөлөкөтү түшүрүлүп жасалганы 75 миң жана башы 45 миң сомдон сатылат. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104094/41/1040944169_0:0:1144:719_600x0_80_0_0_bfd2fe7d2cfb91a8cf2d52e9e5b1e238.jpg)
Көчмөндөр оюндарынын маданий иш-чаралары өтүп жаткан жайлоодо этно базар дагы ачылган. Ал жерден кол өнөрчүлөрдүн, усталардын жана уздардын эмгектерин көрүүгө болот.
Касымов базарга алып чыккан жөнөкөй терилер 15-20 миң, тирүү карышкырдын сөлөкөтү түшүрүлүп жасалганы 75 миң жана башы 45 миң сомдон сатылат.
"Терилерди кышында өлкөнүн жети дубанындагы мергенчилерден сатып алып чогултам. Анан өзүм жууп-тазалап, ийлеп, сатууга ылайыктайм. Жылына 100гө чукул тери алам. Кечээтен бери алты тери саттым. Муну чет өлкөлүк конокторго жана атка минерлерге белекке берип жатышат", — деди ал.
Касымов белектен сырткары териден тон тигип да сатарын айтты. Алты карышкырдан бир тон чыгат.
Белгилей кетсек, Кырчын жайлоосуна 1000ге чукул боз үй тигилген. Көчмөндөр оюндарынын маданий иш-чаралары дал ушул жерде өтүүдө.