БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Кыргызстандын башкы прокурору Өткүрбек Жамшитов учурунда Бакиевдердин финансылык кеңешчиси болгон Евгений Гуревич Бакиевдердин 200-300 миллион доллар чыгарып кетиши боюнча өз маегинде так маалымат бербегенин Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.
Белгилей кетсек, бүгүн депутат Наталья Никитенко Бакиевдер Кыргызстандан 200-300 миллион долларды чыгарып кеткен деп айткан Евгений Гуревичтин маалыматы боюнча өлкөнүн тийиштүү органдарын чакырып, маалымат алууну сунуштап, аны депутаттар колдоого алган.
"Бакиевдер тарабынан 200-300 милилон доллардын чыгарылып кетиши боюнча Гуревич өзүнүн интервьюсунда так маалымат берген эмес. Ал Бакиевдин латвиялык банктардагы эсебинде 200-300 миллион доллары бар экенин айткан. Бирок ошол эле учурда ал акчалардын булагын, компаниянын аттарын, банк эсептеринин номерлерин же кайсы банктарда экенин айта алган эмес", — деди башкы прокурор.
Белгилей кетсек, Евгений Гуревич жергиликтүү ЖМКлардын бирине маек берип, Бакиевдер Кыргызстандан 200-300 миллион долларды чыгарып кеткенин, аларды аныктоо үчүн Кыргызстандын укук коргоо органдарына жардам берүүгө даяр экенин айткан болчу.