БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун аймагында 1-декабрга караган түнү кар аралаш бороон болуп, Каракол шаарында үйлөрдүн чатырын учуруп, бактар кулап, электр түркүктөрү жыгылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстандын кабарчысына жерликтүү тургундар билдирди.
Алардын айтымында, көбүнесе көп кабаттуу турак жайлар жабыркады. Алардын ичинен Гебзе көчөсүндө жайгашкан №71 үй өзгөчө чыгым тартты. Шамал анын 50гө жакын шиферин учуруп кеткен.
![Ысык-Көл облусунун аймагында 1-декабрга караган түнү кар аралаш бороон болуп, Каракол шаарында үйлөрдүн чатырын учуруп, бактар кулап, электр түркүктөрү жыгылды. Ысык-Көл облусунун аймагында 1-декабрга караган түнү кар аралаш бороон болуп, Каракол шаарында үйлөрдүн чатырын учуруп, бактар кулап, электр түркүктөрү жыгылды. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104223/48/1042234863_0:19:999:648_600x0_80_0_0_6a7242f4678cda189447d15b861e2275.jpg)
![Көбүнесе көп кабаттуу турак жайлар жабыркады. Көбүнесе көп кабаттуу турак жайлар жабыркады. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104223/48/1042234858_0:48:1031:697_600x0_80_0_0_14f6aad8b2de500a22de73a6c601b19c.jpg)
![Алардын ичинен Гебзе көчөсүндө жайгашкан №71 үй өзгөчө чыгым тартты. Алардын ичинен Гебзе көчөсүндө жайгашкан №71 үй өзгөчө чыгым тартты. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104223/48/1042234868_0:390:780:881_600x0_80_0_0_a2e204c63fc70cf5102ac6b92536b391.jpg)
![Шамал анын 50гө жакын шиферин учуруп кеткен. Шамал анын 50гө жакын шиферин учуруп кеткен. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104223/48/1042234878_0:272:780:763_600x0_80_0_0_6f4bd03e479a82a6c6bd6a90bbf8b1b3.jpg)
Ошондой эле бак-дарактар менен электр мамыларынын жолдо кулап жатканын көрүүгө болот.
Алдын ала маалыматтарга караганда, бороондон жабыр тарткан адамдар жок.
Ал эми "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ишканасынын билдиргенине караганда, жогорку чыңалуудагы линиянын үч түркүгү жабыркаган.
Учурда жеринде тиешелүү органдар иштеп, чыгымды эсептөө жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жатат.