БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Ирандын борбору Тегеран шаары убакыттын өтүшү менен жер алдында калышы мүмкүн экенин Германиянын геологиялык иликтөө борборунун окумуштууларына таянуу менен Sciene Alert басылмасы жазып чыкты.
Тегеранда 15 миллион киши жашайт, бул Азиянын батыш тарабындагы калк жыш жайгашкан шаар.
Илимпоздор буга суу ресурстарынын ашкере колдонулушу себеп экенин айтышууда. Акыркы он жылдыктардагы калк санынын кескин көбөйүшү, шаар менен өнөр жайдын өнүгүшү сууну көп пайдаланууга негиз болгон. Эгер 1968-жылы Тегеран түздүгүндө төрт миңге жетпеген скважина болсо, 2012-жылы анын саны 32 миңге чукулдап барган.
"Жердин жаракалары, имараттардын жабыркашы жана жылышуусу чөгүүнүн далили. Эгер сууну пайдалануунун эффективдүү ыкмалары киргизилбесе, жер чөгө берет да, инфраструктуранын кыйрашына алып келет", — деп айтылат маалыматта.
Окумуштуулар мындай көрүнүштүн кесепети өтө начар болорун эскертип коңгуроо кагышууда.