БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовго козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу депутат Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.
Анын айтымында, иштин токтогону тууралуу эл өкүлүн шейшемби күнү УКМК кабардар кылган.
Шыкмаматов агенттикке УКМКдан келген каттын сүрөтүн көрсөттү. Анда ар тараптуу иликтөөдөн кийин Шыкмаматовдун аракетинде эч кандай кылмыш жок экени аныкталганы жазылган.
Эскерте кетсек, иш 2017-жылдын 17-февралында Башкы прокуратура тарабынан козголгон. Эсеп палатасынын бир нече кызмат адамдары кызматтык жасалмалуулук боюнча айыпталган. Арасында аудитор Алмамбет Шыкмаматов бар болчу. Алар кызматтык унаа сатып алууда Мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзамды бузган деп күнөөлөнгөн.
Былтыр декабрда Биринчи май райондук соту Шыкмаматовго 5 миллион сом төлөтүү боюнча өкүм чыгарган. Бирок депутат жогорку инстанцияга доо арыз менен кайрылып, натыйжада райондук соттун чечими жокко чыгарылган. Иш кайра иликтөөгө жиберилген.
УКМК кийинчерээк түшүндүрмө берерин айтты.