00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
06:00
3 мин
Жаңылыктар
07:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Стимул
Ат жалында казан аскан компаниялар элди эмнеси менен кызыктырат?
19:08
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
9 мин
Особый акцент
Как бороться с кражами на предприятии — советы юриста
20:10
43 мин
Ачык кеп
Эски темир көрнөк-жарнактардын ордуна заманбап LED экрандар жайгашат – Бишкекте демонтаждоо иштери кандай жүрүүдө?
23:05
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кеп казына. Оорунун сырын билген табып, даанышман Мойт акенин накыл сөзү

© Фото / Кубанычбек АманбековМеждународный фестиваль песчаных скульптур в Чолпон-Ате
Международный фестиваль песчаных скульптур в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Караңгыда көз, капилеттен сөз тапкан кеменгерлердин ой толгоосун, даанышман көрөгөчтүгүн "Кеп казынадан" тартуулап турган чагыбыз. Кулагыңызга күмүш сырга болсун!

Ысык-Көлдүн күңгөйүнөн чыккан кыргыз элинин акылман, көрөгөч, даанышман адамдарынын бири Мойт аке Алдаяр уулу болжол менен 1745-жылы төрөлгөн. Мойт акенин алты уулу болгон. Алардын урпактары Ысык-Көлдүн Орто-Өрүктү айылында жашайт.

Боз-үй түндүгү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кеп казына. Касиети оозуна бүткөн Карга аке
Мойт аке окуяны алдын ала билген көрөгөч, олуялык туюму бар инсан болгон. Жайкысын Каркыраны жайлап, казак менен кыргыздын аш-тойлорун бирге өткөрүп, көйгөйлүү иштерди чечишкен.

Ал оорунун сырын билген табып, дарыгер деп жазылат ачык булактарда. Дарты табылбай жаткандардын тамырын кармап оорусун аныктап койгон. Мындан сырткары, Мойт акени эл мүнүшкөр, саяпкер катары да жакшы билген.

Анын сөөгү Тоң районундагы Манжылы жылгасына коюлган. Азыркыга чейин жергиликтүү эл ал кишинин мүрзөсүнө куран окутуп, сыйынып турушат.

Мойт акенин муундан муунга өткөн накыл кептери:

Ырыс — алды ынтымак,

Ынтымагы бар элдин,

Айсыз кара түндө да,

Асманында күн турат.

Ынтымагы жок элдин,

Балдары иттей ыркырап,

Ачык жарык күндө да,

Асманында түн турат.

***

Адилеттүүлүк — жашоонун туткасы. Адилеттүүлүк болбосо, жашоонун оош-кыйышы көп болот. Адилеттүүлүк болбосо, капачылык, нааразычылык, өкүнүч, андан улам кек сактап кекээрлешүү, кыйкым издеп тирешүү, андан улам жаңжал, кан төгүлгөн кагылыш чыгат.

***

Адилеттүүлүк менен теңчилик эриш-аркак. Адилеттүүлүк менен теңчилик болгон жерде ата салты бузулбайт, кара кылды как жарган калыстык уялайт. Калыстык болмоюнча теңчилик жок, теңчилик болмоюнча адилеттик жок, балдар. Мына ушуну эл билермандары бекем тутунушу парз.

***

Адилеттүүлүк — ак иш. Актын жолунан тайбагыла. Адилеттүүлүктүн жолу узун, эгер ал ыйык тутулса. Адилеттүүлүктүн жолу кыска, эгерде ага арамдык аралашса.

***

Адилеттүүлүктү бардык адамдар каалайт, эңсейт. Аны өзгөчө эл башчылары, эл билермандары, салттуу, нускалуу карыялар пириндей сакташы зарыл, не дегенде, калк биримдигин, ынтымагын көзөмөлдөөчүлөр — ошолор…

Жаңылыктар түрмөгү
0