Мындан улам Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги кыргыз футболунун өнүгүшүнө салым кошуп жаткан башкы машыктыруучу Александр Крестинин тууралуу 6 факты сунуштайт.
Россияда төрөлүп-өскөн. Крестинин Александр Сергеевич 1978-жылы 19-сентябрда Россиянын Краснодар шаарында төрөлгөн. Спортко болгон шыгын олимпиадалык резервдик мектептин машыктыруучусу байкаган. Балалыгы аталган шаарда өтүп, жергиликтүү футболдук клубда тарбияланган.
Кыргызстандан башталган карьера. Футболчу көп убакыт бою Россиянын, Казакстандын белгилүү клубдарында ойногон. 2010-жылы Кочкор-Атанын "Нефтчи" командасынын сунушу менен Кыргызстанга келген. Ал кезде 32 жашта болчу. Крестинин "Нефтчиге" келгенде талапка жооп берерлик шарт болгон эмес. "Кайра кетем" деп жатканда клубдун жетекчилери машыктыруучу болуп берүүнү суранышкан. Ошентип 2010-жылы Крестининдин машыктыруучулук карьерасы башталган. Төрт жылдан кийин улуттук курама команданы даярдай баштаган.
Кыргыз командасын гүлдөткөн орус машыктыруучу. Крестининдин улуттук курама команданын башына келгенине беш жыл болду. Бул аралыкта Кыргызстан ФИФАнын рейтингинде рекорд жаратып, 200дөн ашык мамлекеттин арасынан 75-орунга илинди. Бул көрсөткүч менен улуттук курама команда Латвия, Эстония, Армения, Финляндия, Өзбекстан жана башка командаларды артка калтырган.
Спорттук карьерасындагы ийгиликтери. Беделдүү делген "Колос", "Ростсельмаш-2", "Кубань", "Газовик", "Каспий", "Спартак-Щелково", "Металлург", "Автодор", "Нефтчи", "Легион" командаларында ойноп, бир топ ийгиликтерге ээ болгон. "Нефтчи" менен 2010-жылы Кыргызстандын чемпиону аталган. 2017-жылдын июнь айынан тарта бишкектик "Дордой" клубунун башкы машыктыруучусу болуп дайындалган.
Азия кубогундагы секирик. 2019-жылы Кыргызстандын улуттук курама командасы башында турган Александр Крестинин менен тарыхта биринчи жолу Азия кубогуна чейин чыкты. Кыргызстандын командасы ири спорт мелдешине биринчи жолу катышып жаткандыгына карабай, плей-офф оюндарына чейин жеткен.
Үй-бүлөсү. Өзү 19, жубайы 18 жаш курагында баш кошушкан. Бир уул жана бир кызды тарбиялашат.