БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Капиталдык курулуш башкармалыгынын адистери ремонтко муктаж көчөлөрдү тыкыр иликтеп жатат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.
![Капиталдык курулуш башкармалыгынын адистери ремонтко муктаж көчөлөрдү тыкыр иликтеп жатат Капиталдык курулуш башкармалыгынын адистери ремонтко муктаж көчөлөрдү тыкыр иликтеп жатат - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104335/16/1043351694_0:0:1280:805_600x0_80_0_0_2381474f2ff5c72d1f3a2c0a11bec620.jpg)
![Иликтөө маалында адистер байкагандай, айрым көчөлөрдө ремонт иштерин жүргүзүү учурунда тоскоолдуктар жаралышы мүмкүн Иликтөө маалында адистер байкагандай, айрым көчөлөрдө ремонт иштерин жүргүзүү учурунда тоскоолдуктар жаралышы мүмкүн - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104335/16/1043351669_0:0:1281:805_600x0_80_0_0_3aa36ad0e55d50c6677e8f346943ae8b.jpg)
![Анткени шаардын кээ бир тургундары өз аймагын кеңейтүү максатында тротуарларды басып, тосмолорду куруп алышкан Анткени шаардын кээ бир тургундары өз аймагын кеңейтүү максатында тротуарларды басып, тосмолорду куруп алышкан - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104335/16/1043351686_0:0:1281:805_600x0_80_0_0_878b50fffe310f5b2bf71af0d1ce2683.jpg)
![Ошондой эле мэрия 4 миң бакты кыюу боюнча маалыматты шаардыктар менен журналисттер туура эмес түшүнүп алды деген пикирин кошумчалады Ошондой эле мэрия 4 миң бакты кыюу боюнча маалыматты шаардыктар менен журналисттер туура эмес түшүнүп алды деген пикирин кошумчалады - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104335/16/1043351677_0:0:1280:805_600x0_80_0_0_5f8248147993cd0be50486e0fd3cd4f7.jpg)
![Андыктан текшерүү иштери улантылат. Болгону бул жолу шаар тургундары дагы кошулган комиссия иш алып барат. Андыктан текшерүү иштери улантылат. Болгону бул жолу шаар тургундары дагы кошулган комиссия иш алып барат. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104335/17/1043351710_0:0:1280:804_600x0_80_0_0_8343f37859ebe76cd6a7ca66f7c71acf.jpg)
"2019-2020-жылдар ичинде шаардагы 60 көчөнү реконструкциялоо пландалып жатат. Учурда адистер башка органдар менен макулдашып, долбоорду иштеп чыгууда", — деп айтылат билдирүүдө.
Иликтөө маалында адистер байкагандай, айрым көчөлөрдө ремонт иштерин жүргүзүү учурунда тоскоолдуктар жаралышы мүмкүн. Анткени шаардын кээ бир тургундары өз аймагын кеңейтүү максатында тротуарларды басып, тосмолорду куруп алышкан.
"Кыйылчу бактардын ичинде кичинекей бадалдар, кулайын деп турган бактар дагы киргизилген. Анткени жолду ремонттоп жаткан маалда ит мурун дагы документ боюнча дарак деп эсептелет", — деп түшүндүрүштү муниципалитеттен.
Булар негизги жолдун ремонтуна тоскоолдук жаратпайт, бирок тротуар менен ирригациялык системаны куруп жаткан учурда алып салынышы ыктымал.
Андыктан текшерүү иштери улантылат. Болгону бул жолу шаар тургундары дагы кошулган комиссия иш алып барат.