00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
06:00
3 мин
Жаңылыктар
07:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
7 мин
Тема дня
Без патентов: какие изменения ждут предпринимателей в торговле?
18:08
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Стимул
Ат жалында казан аскан компаниялар элди эмнеси менен кызыктырат?
19:07
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Как бороться с кражами на предприятии — советы юриста
20:06
43 мин
Ачык кеп
Эски темир көрнөк-жарнактардын ордуна заманбап LED экрандар жайгашат – Бишкекте демонтаждоо иштери кандай жүрүүдө?
23:05
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргызстандык жаачы кыз Сауд Аравиядагы фестивалда оор жаракат алды

Жазылуу
Соцтармактын колдонуучулары Ашировага операция жасатып, дарылануудан өткөрүүнү талап кылышкан.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Сауд Аравиядагы Camel Fest фестивалына даярдык көрүп жатып кыргызстандык жаачы кыз Асланайым Аширова оор жаракат алганын Бүткүл дүйнөлүк этнооюндар конфедерациясы тастыктады.

Буга чейин социалдык тармакта 8-март күнү Сауд Аравияда ат үстүндө үч каскадер кыз сүзүшүп кеткендиги тууралуу маалымат тараган. Билдирүүдө Асланайым цирктеги кесиптеши менен ат үстүндө келе жатканда капталынан селфи жасап бараткан кыз аны сүзүп кеткендиги тууралуу жазылган.

Бул кабар тарагандан кийин социалдык тармактын колдонуучулары уюштуруучуларды даярдык учурунда коопсуздукту камсыз кылбагандыгы жана каскадер кыздын абалын сурап барып койбогондугу үчүн айыпташкан.

Интернет колдонуучулар Ашировага операция жасатып, дарылануудан өткөрүүнү талап кылышкан.

Ал ортодо Бүткүл дүйнөлүк этнооюндар конфедерациясынын өкүлү Айнура Темирбекова Асланайым фестивалга Салбуурун федерациясынын курамында жаачы катары гана чакырылгандыгын айтты.

"8-март күнү Camel Fest фестивалына даярдык көрүп жатканда Асланайым Аширова өзүм билемдик кылып атка минип, бутун оорутуп алган. Ага чейин бардык катышуучуларга коопсуздук техникасы боюнча сабак өтүлүп, каскадер эместер атка минбегиле деген тапшырма берилген", — деп жазган Темирбекова.

Темирбекова жаачы Асланайым Аширова жаракат алаары менен Сауд Аравиянын King Saudi Medical City королдук ооруканасына жеткирилгенин кошумчалады. Дарыгерлер ага "кыр сөөгү сынып кеткен" деген диагноз коюшкан.

"Дарылануу камсыздандыруу полиси жок эле акысыз болот. Ашированын жанында күнү-түнү Салбурун федерациясынын өкүлдөрү болмокчу. Ооруканага түшөрү менен андан Сауд Аравия бийлигинин, Бүткүл дүйнөлүк этнооюндар конфедерациясынын өкүлдөрү кабар алышкан. Уюштуруу комитетинин медициналык кызматкерлери да абалын сурап барып жатышат", — деди Темирбекова.

Бүткүл дүйнөлүк этнооюндар конфедерациясы бул маселени өз көзөмөлүнө алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0