00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Көз мончок
Туура макияж жасоонун сырлары — быйыл кандай макияж модада?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ПРООН мектепте окуучуларга тамак уюштурууда 900 мектепти камсыздайт
17:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Киноблог
Нуар под дождем: режиссер о необычном проекте
18:06
46 мин
Новости науки и новых технологий
Что будет с нашим Солнцем через миллиарды лет?
18:52
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Токмокто курткасын күрөөгө коюп балдарына дары алмакчы болгон киши кесилип кетти

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүРассмотрение ходатайства следствия об аресте обвиняемых в подготовке терактов в Москве в Мещанском суде столицы
Рассмотрение ходатайства следствия об аресте обвиняемых в подготовке терактов в Москве в Мещанском суде столицы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эркек киши дарыкананын кассасынан 25 миң сом алып кеткен.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Токмоктун шаардык соту дарыкананы карактаган деген айып менен жергиликтүү тургунду беш жылга эркинен ажыратып, 70 миң сомдук айыпка жыкты. Бул тууралуу соттун токтому чыкты.

Бишкекте кишинин кафенин кассасына кол салып жаткан учуру видеого түшүп калды - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте кишинин кафенин кассасына кол салып жаткан учуру видеого түшүп калды
К.З.К. күнөөсүн мойнуна алып, 2019-жылдын 12-мартында балдары ооруп, дары-дармекке акча издегенин айтып берген. Жолдон досторуна жолугуп, сыра ичкен. Караңгы киргенден кийин "Айболит" деп аталган дарыканага кирген да акчасы жок экенин айтып, сатуучудан дары берүүсүн өтүнгөн. Дарыканачы баш тарткандан кийин чыгып кетип, бир аздан соң кайра кирип кассадагы акчаны алып алган. Ары жактан чуркап келген сатуучуну түртүп жиберип качып кеткен.

"Колунда 15 миң сому бар экен, өзүнүн айтымында, балким, калганын чуркап бара жатканда түшүрүп алса керек. Эсине келгенден кийин милицияга келип, жасаганын айтып берген. Келтирген чыгымдарынын баарын төлөп берди", — деп айтылат токтомдо.

Ал эми дарыкана жетекчисинин айтымында, кечинде келген эркек киши баласы ооруп жатканын айтып, эмне дары керектигин сураган. Андан кийин акчасы жок экенин, мындан улам кийип жүргөн курткасын күрөөгө коюп дары алууну өтүнгөн.

"Аял кийимди күрөөгө алуудан баш тартып, бир ампула новокаин берген да, аны кантип колдонуу керектигин түшүндүрүп берген", — делет материалда.

Окуянын андан аркы өнүгүшү боюнча экөөнүн айткандары дал келгени маалымдалат. Аял эркекти кечирип, аны жазалабоону суранган.

Бирок сот аны Кылмыш жаза кодексинин 201-беренеси ("Каракчылык") боюнча күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыратты. Мындан тышкары, айыпкер 70 миң сом төлөмөр болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0