БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Мобилдүү клиникалардын дарыгерлери Нарындын Жумгал жана Ат-Башы райондорун кыдырып, тургундардын ден соолугуна кам көрүүнү улантууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматта эки күндүн ичинде дарыгерлер 1865 адамды текшерүүгө үлгүргөнү айтылат.
© Фото / пресс-служба Минздрава КРМобилдүү клиникалардын дарыгерлери Нарындын Жумгал жана Ат-Башы райондорун кыдырып, тургундардын ден соолугуна кам көрүүнү улантууда
![Мобилдүү клиникалар элет жерин кыдырууну улантууда. Сүрөт Мобилдүү клиникалар элет жерин кыдырууну улантууда. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104481/59/1044815942_0:0:1080:810_600x0_80_0_0_4421e6c78b828e0e769f742f089cb5c1.jpg)
Мобилдүү клиникалардын дарыгерлери Нарындын Жумгал жана Ат-Башы райондорун кыдырып, тургундардын ден соолугуна кам көрүүнү улантууда
© Фото / пресс-служба Минздрава КР
"Кайрылгандардын баарына медициналык жана консультативдик жардам көрсөтүлүүдө. Бейтаптын абалына, оорусуна жараша толук кандуу дарылануу үчүн жолдомо берилип жатат", — деп айтылат билдирүүдө.
Бүгүн мобилдүү клиника өз ишин Жумгалдын Чаек жана Кызарт, ошондой эле Ат-Башынын Талды-Суу жана Ак-Муз айылдарында улантмакчы.