БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Фотокапкандар Кызыл китепке кирген жаныбарлар коруктун сыртында жүргөнүн тартып алды. Бул тууралуу Германиянын Кыргызстандагы жаратылышты коргоо союзунун (NABU) маалымат катчысы Зарина Эсенбаева билдирди.
![Фотокапкандар Кызыл китепке кирген жаныбарлар коруктун сыртында жүргөнүн тартып алды Фотокапкандар Кызыл китепке кирген жаныбарлар коруктун сыртында жүргөнүн тартып алды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104544/66/1045446611_0:30:1710:1104_600x0_80_0_0_8748d1ff128abbf05bb3ea096670d80a.jpg)
![NABU уюмунун кызматкерлери Биотүрдүүлүктү жана өзгөчө коргоодогу жаратылыш аймактарын сактоо департаментинин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгү менен биргеликте 30дан ашык фотокапканга тартылган сүрөттөрдү чогултушкан NABU уюмунун кызматкерлери Биотүрдүүлүктү жана өзгөчө коргоодогу жаратылыш аймактарын сактоо департаментинин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгү менен биргеликте 30дан ашык фотокапканга тартылган сүрөттөрдү чогултушкан - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104544/66/1045446641_234:0:2592:1482_600x0_80_0_0_d707430568d7e9196c0d31ea9c68cc90.jpg)
![Көңүл көтөрө турган жагдай — сүрөттөр коруктун сыртынан тартылган. Башкача айтканда, Кызыл китепке кирген жаныбарлар аларды коргобогон аймактарды да байырлай баштады Көңүл көтөрө турган жагдай — сүрөттөр коруктун сыртынан тартылган. Башкача айтканда, Кызыл китепке кирген жаныбарлар аларды коргобогон аймактарды да байырлай баштады - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104544/66/1045446626_0:70:1713:1146_600x0_80_0_0_88fcc3d2039879cbf6bea0fe3abacad8.jpg)
![Бул жакшы көрүнүш. 27-майдан 8-августка чейин фотокапканга ак илбирс, мадыл, аюу жана маралдар түшкөн Бул жакшы көрүнүш. 27-майдан 8-августка чейин фотокапканга ак илбирс, мадыл, аюу жана маралдар түшкөн - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104544/66/1045446636_0:0:1733:1089_600x0_80_0_0_c3c1056c0cea01d8d385ee552dc8c0ef.jpg)
![Андан сырткары, сүлөөсүн, тоо теке, каман, элик, улар, кашкулак да сүрөткө тартылган Андан сырткары, сүлөөсүн, тоо теке, каман, элик, улар, кашкулак да сүрөткө тартылган - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104544/66/1045446631_214:0:1851:1029_600x0_80_0_0_972ac8ef13bf39adae8c03e4461c73c1.jpg)
![Фотокапкандар Ысык-Көлдүн Ак-Суу жана Түп райондоруна деңиз деңгээлинен 2500-3700 метр бийиктикке чейин коюлган. Фотокапкандар Ысык-Көлдүн Ак-Суу жана Түп райондоруна деңиз деңгээлинен 2500-3700 метр бийиктикке чейин коюлган. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104544/66/1045446621_8:-1:1716:1074_600x0_80_0_0_66c1c8f398e45e89f91d4fb7140a5ac3.jpg)
Анын айтымында, NABU уюмунун кызматкерлери Биотүрдүүлүктү жана өзгөчө коргоодогу жаратылыш аймактарын сактоо департаментинин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгү менен биргеликте 30дан ашык фотокапканга тартылган сүрөттөрдү чогултушкан.
"Көңүл көтөрө турган жагдай — сүрөттөр коруктун сыртынан тартылган. Башкача айтканда, Кызыл китепке кирген жаныбарлар аларды коргобогон аймактарды да байырлай баштады. Бул жакшы көрүнүш. 27-майдан 8-августка чейин фотокапканга ак илбирс, мадыл, аюу жана маралдар түшкөн. Андан сырткары, сүлөөсүн, тоо теке, каман, элик, улар, кашкулак да сүрөткө тартылган", — деди Эсенбаева.
Ал фотокапкандар Ысык-Көлдүн Ак-Суу жана Түп райондоруна деңиз деңгээлинен 2500-3700 метр бийиктикке чейин коюлганын кошумчалады.