БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Ала-Бука районунун Сафед-Булан айылынан Падекке бара жаткан унаа оодарылып кетип, 16 жаштагы айдоочу жана анын жанындагы эки бала кырсыкка учурады. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ЖКККББ билдирди.
© Фото / пресс-служба УОБДД Джалал-Абадской областипресс-служба УОБДД Джалал-Абадской области
![Ала-Букада атасынын унаасын айдап чыккан 16 жаштагы бала кырсыктады Ала-Букада атасынын унаасын айдап чыккан 16 жаштагы бала кырсыктады - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104568/65/1045686568_0:0:1032:774_600x0_80_0_0_6c9e3009ac07899ba9f07a6a3ff18a23.jpg)
пресс-служба УОБДД Джалал-Абадской области
© Фото / пресс-служба УОБДД Джалал-Абадской области
Маалыматка ылайык, окуя 11-сентябрь күнү саат 23.00дөр чамасында болгон. Hafei Brio (Lobo) үлгүсүндөгү унаа айдоочунун атасына таандык экени айтылды.
"Айдоочу рулга ээ боло албай калган, натыйжада машина оодарылып кеткен", — деп жазылат билдирүүдө.
Жабырлануучулар Ала-Бука районунун ооруканасына жаткырылган.
Виджет news