БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков "Хагибис" тайфуну адам өлүмүнө алып келгенине байланыштуу Япониянын премьер-министри Синдзо Абэге көңүл айткан телеграмма жолдоду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Эскерте кетсек, ишемби күнү кечинде "Хагибис" тайфуну япон архипелагынан түштүктөн чыгышты көздөй жылып келген. Учурда анын борбордук бөлүгүндө басымдын күчү 935 гектопаскаль, ал эми ылдамдыгы секундасына 45 метр, катуулап кеткенде 65 метрге чейин жеткен. Токиодон тышкары 12 префектура жаан-чачындан улам эң кооптуу аймак деп табылган.
Акыркы маалыматтар боюнча, табигый кырсык 47 адамдын өмүрүн алган, дагы 15 киши изделүүдө. 135 миңге жакын турак жай электр жарыгысыз отурат.
"Тайфундун кесепети тууралуу кабарды абдан кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан элинин жана өзүмдүн атымдан каза болгондордун туугандарына азасын тең бөлүшүү менен көңүл айтам, ал эми бардык жабыр тарткандарга тез сакайып кетүүсүн каалайм", — деп жазылган телеграммада.
Ушу тапта Япониянын полициясы, куткаруу кызматтары 11 префектурада издөө жана куткаруу иштерин аткарышууда.