БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Кытайлык аял Кыргызстандан тарыхый монеталарды чыгарып кетүүгө аракет жасаган. Алдын ала маалыматтар боюнча, монеталар алтындан жасалган. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлашты.
![Кытайлык аял Кыргызстандан тарыхый монеталарды чыгарып кетмекчи болгон Кытайлык аял Кыргызстандан тарыхый монеталарды чыгарып кетмекчи болгон - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104610/27/1046102700_0:0:810:1080_600x0_80_0_0_d4ab2b74bdb46a536dc173363aa2b39b.jpg)
Адистер баалуу металлдан жасалган буюмду алып бараткан аялды 24-октябрь күнү "Манас" аэропортунан кармашкан. Кытай жараны Бишкектен Үрүмчүгө учууга аракет жасаган. Аны колго түшүрүүгө Авиациялык коопсуздук кызматынын өкүлдөрү жардам берген.
Аялдын жанында төмөнкү буюмдар болгон:
![Кытайлык аял Кыргызстандан тарыхый монеталарды чыгарып кетмекчи болгон Кытайлык аял Кыргызстандан тарыхый монеталарды чыгарып кетмекчи болгон - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104610/27/1046102762_0:0:810:918_600x0_80_0_0_a45637edff683e4510d52b7fc6e7ba11.jpg)
Сары металлдан жасалган түрдүү номиналдагы 23 монета (алдын ала маалымат боюнча, алтын). Ага орус тилинде түрдүү жазуулар жазылып, XIX жана XX кылым деген белгилер түшүрүлгөн;
Монетадан жасалган эки билерик (алдын ала маалымат боюнча, алтын). Браслеттин ар биринде бештен байыркы монета болгон.
Учурда буюмдардын баасы менен башка жагдайлар такталып жатат.