https://sputnik.kg/20200527/rospotrebnadzor-kmsh-video-kep-kenesh-otkorot-1048446478.html
COVID-19: РФтин мамлекеттик мекемеси КМШ өлкөлөрүнө видеокеңештерин берет
COVID-19: РФтин мамлекеттик мекемеси КМШ өлкөлөрүнө видеокеңештерин берет
Sputnik Кыргызстан
Семинарда вирустун эпидемиологиялык жана клиникалык өзгөчөлүктөрү, аны алдын алуу менен күрөшүүнүн ар тараптуу аракеттери тууралуу сөз болот. 27.05.2020, Sputnik Кыргызстан
2020-05-27T09:24+0600
2020-05-27T09:24+0600
2021-12-16T13:57+0600
https://sputnik.kg/img/104844/57/1048445705_0:88:2784:1662_1920x0_80_0_0_ea00631e5337cdb683614227a5eac4e1.jpg
кмш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2020
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104844/57/1048445705_0:0:2784:1751_1920x0_80_0_0_8afd4307b62636671b4afd828646c0a8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
коронавируска байланыштуу кыргызстандагы кырдаал , жаңылыктар, коом, кыргызстан, дүйнөдө, россия, кмш, видео
коронавируска байланыштуу кыргызстандагы кырдаал , жаңылыктар, коом, кыргызстан, дүйнөдө, россия, кмш, видео
COVID-19: РФтин мамлекеттик мекемеси КМШ өлкөлөрүнө видеокеңештерин берет
09:24 27.05.2020 (Жаңыртылды: 13:57 16.12.2021) Семинарда вирустун эпидемиологиялык жана клиникалык өзгөчөлүктөрү, аны алдын алуу менен күрөшүүнүн ар тараптуу аракеттери тууралуу сөз болот.
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Россиянын Керектөөчүлөрдүн укугун коргогон жана адам жашоосунун жайлуулугун көзөмөлдөгөн федералдык кызматтын (Роспотребнадзор) адистери КМШ өлкөлөрү үчүн коронавирус менен күрөшүү боюнча онлайн кеңеш берүү боюнча иш-чара өткөрөт. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Жыйын 28-майдан 19-июнга чейин өтүп, өзүнө он иш-чараны камтыйт.
"Семинардын негизги темаларына COVID-19дун эпидемиологиялык жана клиникалык өзгөчөлүктөрү, олуттуу жугуштуу ооруларды алдын алуу жана күрөшүүнү иш-аракеттеринин комплекси жана лабораториялык диагностика кирет", — деп айтылат маалымат кызматта.
Роспотребнадзор буга чейин да ушундай видеоконференцияларды уюштурган. Ага саламаттыкты сактоо органдарынын, илим изилдөө уюмдардын жана өнөктөш өлкөлөрдүн лабораторияларынан 40ка жакын адис катышкан. Эксперттер өлкөлөрдөгү эпидемиологиялык кырдаалды көзөмөлдөө, калкты тесттен өткөрүү жана бейтаптар менен байланышта болгон адамдарды көзөмөлдөө үчүн жаңы программаларды колдонуунун жол-жобосун талкуулашкан.
Эске салсак, февраль айынан бери Россия КМШ өлкөлөрүнө коронавирусту лабораторияларда аныктоого керектүү каражаттарды бере баштаган.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 11-мартта коронавирус пандемиясын жарыялаган. Учурда жер жүзү боюнча беш жарым миллиондон ашык адам вирус жуктуруп, анын 350 миңден көбү каза тапты.