БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Кыргызстанда төрт жылдын ичинде үч миңге чукул жаран үйдөн чыкпай, акысыз паспорт алды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.
Билдирмеге ылайык, үйдөн паспорт жасаткандардын арасында 110 жаштагы Үрбү Боромбаева бар.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков110 жаштагы Үрбү Боромбаева
![Өлкөдө 3000дей жаран үйүнөн паспорт жасатты. Арасында 110 жаштагы байбиче бар Өлкөдө 3000дей жаран үйүнөн паспорт жасатты. Арасында 110 жаштагы байбиче бар - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103163/89/1031638902_0:0:3549:5200_600x0_80_0_0_2f15bfb7902dc079bedbbada4edc5eac.jpg)
110 жаштагы Үрбү Боромбаева
"Калкты тейлөө борборунун мобилдик тобу анын жоголуп кеткен паспортун кайра калыбына келтирүүгө жардам берген. Үрбү Боромбаева үч уул, бир кыздын апасы, 100дөн ашык небере-чөбөрөсү бар. Азыркы тапта 73 жаштагы уулунун колунда Бишкек шаарында турат", — деп айтылат маалыматта.
Мамлекеттик каттоо кызматы мындай мобилдик топтор Бишкек жана Ош шаарларында 2016-жылдан бери кызмат көрсөтүп келерин билдирди. Алар төрт жылдан бери үч миңден ашык жарандын үйүнө барып, акысыз паспорт жасап беришкен.