БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Жерди трансформациялоо боюнча мыйзам долбоорунда кемчиликтер бар жана ал кечиктирилип жатат деген талап менен жүздөй адам өкмөт үйүнүн алдына митингге чыкты.
![Жерди трансформациялоо боюнча мыйзам долбоорунда кемчиликтер бар жана ал кечиктирилип жатат деген талап менен жүздөй адам өкмөт үйүнүн алдына митингге чыкты Жерди трансформациялоо боюнча мыйзам долбоорунда кемчиликтер бар жана ал кечиктирилип жатат деген талап менен жүздөй адам өкмөт үйүнүн алдына митингге чыкты - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104875/54/1048755405_0:120:3068:2047_600x0_80_0_0_1102918aa0cd2ccd75bc5758951da722.jpg)
![Акцияга чыккандардын эки талабы бар Акцияга чыккандардын эки талабы бар - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104875/54/1048755412_0:120:3067:2047_600x0_80_0_0_4b235604060c86207b424c12a2a9d767.jpg)
![Биринчиси — мыйзам долбооруна буга чейин үй курулуп калган гана жерлерди эмес, элге берилип кеткен бардык жер тилкелерин киргизүү Биринчиси — мыйзам долбооруна буга чейин үй курулуп калган гана жерлерди эмес, элге берилип кеткен бардык жер тилкелерин киргизүү - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104875/53/1048755393_0:120:3067:2047_600x0_80_0_0_913660fce7a18f23e9f0ba48873c36bd.jpg)
![Экинчиси — Жогорку Кеңеш каникулга тарап кеткенге чейин мыйзамды кабыл алып берүү Экинчиси — Жогорку Кеңеш каникулга тарап кеткенге чейин мыйзамды кабыл алып берүү - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104875/54/1048755444_0:120:3067:2047_600x0_80_0_0_f77d1658f2c4b3d03127504bac13fb40.jpg)
![Чогулган эл өкмөт бул маселени чечип бермейинче нааразычылык акциясын токтотпой турганын айтууда. Чогулган эл өкмөт бул маселени чечип бермейинче нааразычылык акциясын токтотпой турганын айтууда. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104875/56/1048755695_0:67:3068:1994_600x0_80_0_0_077c846b05cd7b87c1ee9e0965ca366e.jpg)
Буга чейин айдоо жерлерге турак үй куруп алган жана жеке менчик укугуна мамлекеттик актылары бар жарандардын маселелерин чечүүгө багытталган мыйзам долбоору парламенттин кароосуна жөнөтүлгөн. Анда өкмөт 11 миң жер участогун трансформациялоону көздөп жатканын айткан эле.
Акцияга чыккандардын эки талабы бар. Биринчиси — мыйзам долбооруна буга чейин үй курулуп калган гана жерлерди эмес, элге берилип кеткен бардык жер тилкелерин киргизүү. Экинчиси — Жогорку Кеңеш каникулга тарап кеткенге чейин мыйзамды кабыл алып берүү.
"Бул жердеги кишилер мыйзамды сыйлап, атайын чечим чыкмайынча коё туралы деп үй салбай отургандар. Өкмөт аталган мыйзам менен үй салып алгандарды гана мыйзамдаштырат экен. Калгандар эмне кылабыз? Экинчиден, парламент каникулга тарап кетсе, күздө жаңы депутаттар ишке киришип, маселени түшүнгүчө бул жыл бүтүп калат", — дейт атын атагысы келбеген жаран.
Ал эми Жаркын аттуу аял жер маселеси чечилбей келгендиктен, 3-4 муун бир үйдө кысылып жашоого туура келип жатканын кошумчалады.
Чогулган эл өкмөт бул маселени чечип бермейинче нааразычылык акциясын токтотпой турганын айтууда.