Россиянын борборундагы Жеңиш парады 24-июнга белгиленген болчу. Парадды Россиянын Кургактагы аскерлеринин башкы командири Олег Салюков башкармакчы.
Салтанаттуу иш-чарага катышуу үчүн ар кайсы өлкөлөрдөн аскерлер барышкан. Алардын арасында кыргызстандык жоокерлер дагы бар.
Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков дагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого арналган иш-чараларга катышуу үчүн Москвага учуп кетти.
Жээнбеков Москва шаарындагы Кызыл аянтта өтүүчү аскер парадына, ошондой эле Кремль дубалындагы белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар коюу аземине катышат.
© Sputnik / Iliya Pitalev / Медиабанкка өтүүМосква шаарындагы маршал Георгий Жуковдун эстелигинин жанындагы көрүнүш

Москва шаарындагы маршал Георгий Жуковдун эстелигинин жанындагы көрүнүш

Чоң таш көпүрөсүндөгү желектер
© Sputnik / Iliya Pitalev / Медиабанкка өтүүУлуу Ата Мекендик согуштун аяктаганына быйыл 75 жыл болду

Улуу Ата Мекендик согуштун аяктаганына быйыл 75 жыл болду
© Sputnik / Ramil Sitdikov / Медиабанкка өтүүТриумфалдык арканын алдындагы "город-герой Москва" жазуусу бар жылдыз

Триумфалдык арканын алдындагы "город-герой Москва" жазуусу бар жылдыз

"Тверская" метрополитинин алдындагы желектер
© Sputnik / Evgeny Odinokov / Медиабанкка өтүүПарадга карата Россиянын Коргоо министрлигинин штаб-квартирасы дагы кооздолду

Парадга карата Россиянын Коргоо министрлигинин штаб-квартирасы дагы кооздолду

"Дорогомиловская застава" аянты

Кутузовский проспектисиндеги үйгө тагылган желектер

Россиянын Коргоо министрлигинин кире бериши

"Пушкин" аянтындагы желектер