00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Максимальный репост
16:04
45 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ачык кеп
ВИЧ менен ооругандардын арасында жаңы төрөлгөн баладан карыяларга чейин бар
23:04
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Хижама ыкмасы коронавирус же пневмониядан айыктыра алабы? Адистин жообу

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүКан алуу процедурасы. Архив
Кан алуу процедурасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин бир катар кыргызстандыктар социалдык тармакта хижама ыкмасы менен пневмония жана коронавирусту айыктырса болорун айтышкан.

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы хижама ыкмасы тууралуу адистин пикирин жарыялады.

Буга чейин бир катар кыргызстандыктар социалдык тармакта хижама ыкмасы менен пневмония жана коронавирусту айыктырса болорун айтышкан.

Хижама ыкмасы, ал кайсы учурда колдонулаары тууралуу Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, медицина илимдеринин доктору, профессор, Кыргызстандагы кан тамыр хирургиясынын негиздөөчүсү Мамбетакун Намазбеков айтып берген.

Премьер пневмония менен COVID эмне үчүн эки бөлөк саналып жатканын айтты

"Хижама ыкмасын илгери ата-бабалар адамдын кан басымы жогорулап кеткенде гана колдончу. Башка ооруларга пайдаланылчу эмес. Акыркы убакта бул ыкма көрсөтмөсү барбы, жокпу, айтор, бардык ооруларга карата колдонулуп жатат. Эгерде адамдын кан басымы 200дөн ашып кетсе, дарылоо жакшы натыйжа бербей калса, ошол убакта канды чыгарып, хижама кылса болот. Бирок аны медицина кызматкери көзөмөлдөп турушу керек. Бөйрөктүн кан тамыры бүтөлүп калып, кан басым көтөрүлгөн учурда хижама ыкмасы жардам бербейт. Себеби бул жакта гормондук бузулуу болуп жатат. Мындан улам кан чыгарып, чыгарбаганына карабай баары бир кан басымы ордуна келбейт. Ал бөйрөктөгү кан тамырларды алмаштыруу жолу менен гана жөнгө салынат", — деген адис.

Аспирин, гепарин жана дексаметазон кандай шартта колдонулат. Адистин кеңеши

Намазбеков коронавирус жана башка оорулардын баарын хижама аркылуу дарылай бергенге болбой турганын кошумчалаган.

"Бул медицинанын тилине дагы туура келбейт. Хижама жасалган учурлардын көрсөтмөлөрү өзүнчө. Ал кан басымы көтөрүлгөн убакта, айрым учурларда гана колдонулушу керек. Бирок көп санда эмес. Аны жасаган адам сөзсүз түрдө медицина кызматкери болушу абзел. Азыркы учурда хижаманы молдолор, көзү ачыктар, медицина илимдери боюнча түшүнүгү жоктор жасап жатат. Ал эми медиктердин арасынан бир дагы адистин бул ыкманы колдонгонун көргөн жокмун", — деди профессор.

Кыргызстанда коронавирустан каза болгондордун саны 147ге жетсе, пневмония март айынан бери 497 адамдын өмүрүн алды.

Хижама — кан алуу процедурасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0