00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Көз мончок
Туура макияж жасоонун сырлары — быйыл кандай макияж модада?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ПРООН мектепте окуучуларга тамак уюштурууда 900 мектепти камсыздайт
17:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Киноблог
Нуар под дождем: режиссер о необычном проекте
18:06
46 мин
Новости науки и новых технологий
Что будет с нашим Солнцем через миллиарды лет?
18:52
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бизде административдик ресурсту колдонуу мүмкүн эмес. Жээнбеков шайлоо тууралуу

Жазылуу
Жээнбеков мекендештерди парламенттик шайлоого жоопкерчиликтүү мамиле жасап, татыктууларды тандоого чакырды.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Шайлоодо административдик ресурска тоскоол болчу механизмдер Кыргызстанда жетиштүү. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков КТРКнын “Биринчи радиосуна” берген маегинде билдирди.

Мамлекет башчынын айтымында, биринчи кезекте — бул шайлоо процессине болгон коомдук көзөмөл. Мындай куралды байкоочулар, өзүн оппозициямын деп эсептеген саясий күчтөр кеңири колдонушат жана колдонуп келген.

“Азыр коомдук көзөмөл күчтүү. Ошондуктан ушундай ачык коомдо административдик ресурсту жашырып калуу мүмкүн эмес. Акыркы эки жылда интернет айылдарга чейин жетти. Көргөн-билгендин баарын чыгарып жатышат. Административдик ресурсту колдонуп, жашырып калуу, дагы кайталайм, биздин коомдо мүмкүн эмес. Эл баарын көрүп, билип турат. Коомчулуктан эч нерсени жашыра албайбыз. Эл тараза”, — деди Жээнбеков.

БШК бир партияны үгүттөгөн мэрия кызматкеринин ишин прокуратурага жөнөттү

Ошондой эле президент мамлекеттин өнүгүүсүнө, калк турмушун жакшыртууга багытталган мыйзамдарды, чечимдерди кабыл алууга жөндөмдүү парламент куралса баары үчүн утуш болорун айтты.

“Шайлоо системасындагы технологиялардын негизинде “бир адам — бир добуш” принциби сакталат. Муну кааласа да, жасайм десе да эч ким буза албайт. Ал жерде автоматтык эсептөө, ар бир адам өзү үчүн гана добуш бере тургандай система. Муну бардыгы билет. Аны биз дагы катуу көзөмөлдөйбүз. Борбордук шайлоо комиссиясынын курамында ар кыл саясий күчтөрдүн, жарандык коомдун өкүлдөрү иштейт”, — деди мамлекет башчы.

Ошондуктан Жээнбеков шайлоого жоопкерчиликтүү мамиле жасап, татыктууларды тандоого чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0