БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Мелис Турганбаев менен вице-премьер Аида Исмаилованын кызматтык ыйгарым укуктары токтотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевЖаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Мелис Турганбаев
![Мелис Турганбаев менен Аида Исмаилова кызматынан четтетилди Мелис Турганбаев менен Аида Исмаилова кызматынан четтетилди - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101344/59/1013445991_0:0:1419:1600_600x0_80_0_0_84c535b24eab42193977a2dbe033de6a.jpg)
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Мелис Турганбаев
Тиешелүү буйруктарга премьер-министр Кубатбек Боронов кол койду. Анын дагы бир чечими менен Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов убактылуу кызматтан кетти.
© Sputnik / Табылды КадырбековЖаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов
![Мелис Турганбаев менен Аида Исмаилова кызматынан четтетилди Мелис Турганбаев менен Аида Исмаилова кызматынан четтетилди - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104090/02/1040900236_0:0:1620:1080_600x0_80_0_0_8404c9e551b1c600f49a265ff037b1f8.jpg)
Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов
Маалыматка ылайык, бийлик адамдары "Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамдын 21-беренеси боюнча, кызматтык милдетин аткаруусу токтотулган.
Аталгандар кызматтан шайлоонун жыйынтыгы чыккыча четтетилгени айтылды.