БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Кара-Суу районундагы Анжиян айылында тиричилик техникаларын чыгарган кыргыз-өзбек биргелешкен "Артель электроникс" ишканасы өндүрүшүн кеңейтип, экспортко чыгууну көздөп жатат. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.
Бүгүн, 10-сентябрда, мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында аталган ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышты. Анда 2022-жылы газ плиталарын, ал эми 2023-жылдан тарта телевизор менен муздаткычтарды өндүрүү мерчемделип жатканын айтышкан.
![Кара-Суу районундагы Анжиян айылында тиричилик техникаларын чыгарган кыргыз-өзбек биргелешкен Артель электроникс ишканасы өндүрүшүн кеңейтип, экспортко чыгууну көздөп жатат Кара-Суу районундагы Анжиян айылында тиричилик техникаларын чыгарган кыргыз-өзбек биргелешкен Артель электроникс ишканасы өндүрүшүн кеңейтип, экспортко чыгууну көздөп жатат - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/09/0a/1049577249_241:0:2103:1171_600x0_80_0_0_e68b2d1763afe973a40d46a2c19da70b.jpg)
![Бүгүн, 10-сентябрда, мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында аталган ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бүгүн, 10-сентябрда, мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында аталган ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышты. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/09/0a/1049577254_72:0:2480:1513_600x0_80_0_0_6fd8764bd19bf5e57d20e29c8e26b0dc.jpg)
![Анда 2022-жылы газ плиталарын, ал эми 2023-жылдан тарта телевизор менен муздаткычтарды өндүрүү мерчемделип жатканын айтышкан. Анда 2022-жылы газ плиталарын, ал эми 2023-жылдан тарта телевизор менен муздаткычтарды өндүрүү мерчемделип жатканын айтышкан. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/09/0a/1049577265_0:92:2480:1651_600x0_80_0_0_3b8463a2b9786a62d0b788319c07240b.jpg)
![Бүгүнкү күндө ишканада 105 адам иштеп жатат, жумуш орундарынын санын 200гө жеткирүү пландалган. Бүгүнкү күндө ишканада 105 адам иштеп жатат, жумуш орундарынын санын 200гө жеткирүү пландалган. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/09/0a/1049577260_0:92:2480:1651_600x0_80_0_0_970c56e9fa56dab31ca9edae3cabd46e.jpg)
![Жээнбеков Кыргызстан жакынкы коңшу өлкөлөр, анын ичинде Өзбекстан менен соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгиледи. Жээнбеков Кыргызстан жакынкы коңшу өлкөлөр, анын ичинде Өзбекстан менен соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгиледи. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/09/0a/1049577277_0:-1:2171:1364_600x0_80_0_0_6edb3ebe9ea8d47a8e3c5e26fac2279f.jpg)
"Бүгүнкү күндө ишканада 105 адам иштеп жатат, жумуш орундарынын санын 200гө жеткирүү пландалган. Бул жерден айына 900дөй кир жуучу машина чыгат, айына сатуу көлөмү 3 миллион сомду түзөт. Өндүрүлгөн продукция ички рынокко сатылат, келечекте экспортко чыгаруу пландаштырылган", — деп айтылат маалыматта.
Жээнбеков Кыргызстан жакынкы коңшу өлкөлөр, анын ичинде Өзбекстан менен соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгиледи.
Ат-Башыдагы сүт заводу ферма ачып, жылына 200-300 тонна сыр өндүрөт
Ошондой эле ал эмгек жамаат менен баарлашууда корпоративдик башкаруунун япон стилин мисал келтирип, анда бардык кызматкерлер ишканага өздөрүнүн жеке мүлкүндөй мамиле жасашарын айткан.