БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Жалал-Абад облусунда "ВИЧ-СПИД илдети боюнча өз макамыңды бил" аттуу акция башталды. Бул тууралуу аталган аймактагы СПИДге каршы күрөшүү жана алдын алуу борборунан билдиришти.
Борбордун башкы дарыгери Элмира Сатарованын айтымында, облус аймагында илдетти жыныстык жол менен жуктуруп алган эркектердин саны өскөн. Мындан улам өзүнүн ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алганын билбей жүргөндөрдү эртерээк аныктап, дарылоо максатында атайын иш-чара уюштурулган.
"Акция учурунда жашоочулар анонимдүү түрдө акысыз текшерүүдөн өтө алат. Иш-чара 27-ноябрдан баштап 1-декабрга чейин уланат", — деди Сатарова.
Маалым болгондой, облуста илдетти жугузгандардын 62 пайызы ооруну жыныстык жол менен илештирсе, 27 пайызы кан аркылуу, беш пайызы энеден балага жуккан.
Учурда Жалал-Абад облусунда 1 087 адамдын ВИЧ-инфекциясына чалдыккандыгы аныкталган. Жыл башынан бери 36 адам аталган дартты жуктуруп, алардын 56 пайызы эркектер экени кошумчаланды.