БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Түштүк Индия тараптагы Керала штатынын балыкчылары алардын торуна түшүп калган, учурда жок болуп бара жаткандыгы үчүн Кызыл китепке киргизилген кит акуласын кайра сууга кое беришкен. Бул туурасында РИА Новости NDTV телеканалына шилтеме берип жазды.
Кишилердин бири акуланы бошотуп жаткан учурда тартылып калган видеону социалдык тармакка жайгаштырган. Анда "аталган операцияга" 60тай адам катышкандыгын, ири балыкты тордон бошотконго бир нече мүнөт кеткендигин жазган.
Watch: An endangered whale shark released into the sea by fishermen in Kerala's Shanghmukham on Friday, after it was caught in their net. A group of fishermen tore into the net, and helped it back, in a matter of minutes, says Ajith. Video courtesy: Ajith Shanghmukham. pic.twitter.com/jDcr12VCuK
— Sneha Koshy (@SnehaMKoshy) December 5, 2020
Аталган телеканалга полициянын жергиликтүү бөлүмүнөн балыкчылардын мындай камкордук мамилесине ыраазылык айтылгандыгын билдиришти.
"Бул адамдардын алдында шляпамды чечем", —деп жазган окурмандардын бири.
"Жасаган жакшы ишиңер үчүн рахмат", — деген экинчиси.
"Менин адамдарга болгон ишенимим калыбына келе баштады", — деген дагы бир окурман.
Ошентип, адамзаты кичинекей болсо дагы жаратылыштын бүлүнбөй калышына өзүнүн салымын кошкон.