https://sputnik.kg/20210119/biznes-ayaldardan-akcha-algan-ukt-muchosu-1051156475.html
Бизнес кылабыз деп аялдарды алдап жүргөн кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Видео
Бизнес кылабыз деп аялдарды алдап жүргөн кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Видео
Sputnik Кыргызстан
Укук коргоо органдары шектүүнүн алдамчылык боюнча 12 фактыга тиешеси бар экенин аныктаган. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 1,4 миллион сомду түзөт. 19.01.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-01-19T11:52+0600
2021-01-19T11:52+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
кыргызстан
окуялар
бишкек
рииб
кылмыш
алдамчылык
кармоо
https://sputnik.kg/img/104483/97/1044839786_0:200:1920:1280_1920x0_80_0_0_2d7a61946782f51733585f017c4f687d.jpg
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Бишкекте алдамчылыкка шектелген 41 жаштагы А. К. аттуу жаран кармалганын Октябрь РИИБдин маалымат кызматы билдирди.Колго түшүрүлгөн эркек киши уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган. Укук коргоо органдары анын алдамчылык боюнча 12 фактыга тиешеси бар экенин аныктаган. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 1,4 миллион сомду түзөт.РИИБ аны милицияга алып келе жаткан видеону чыгарды.Кылмыштардын бири былтыр 25-декабрда катталган. Арыз ээси март айында А.К. ага жер тилкесин сатып алууга жардам берем деп 180 миң сомун алгандыгын билдирген. Ошондой эле 2019-жылдын октябрь айында ага бизнес жүргүзүүнү сунуштап, 20 миң сомун алып байланышпай койгон.8-январда дагы бир аял укук коргоо органдарына кайрылган. Ал чогуу бизнес баштоону сунуштап, 60 миң сомун алган боюнча дайынсыз жоголгон кишини таап берүүнү суранган.Алдамчылык фактылары каттоого алынып, тергөө амалдары жүрүп жатат.
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104483/97/1044839786_107:0:1814:1280_1920x0_80_0_0_fc770807482ead74e562591d6d0c0ba1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, окуялар, бишкек, рииб, кылмыш, алдамчылык, кармоо
жаңылыктар, кыргызстан, окуялар, бишкек, рииб, кылмыш, алдамчылык, кармоо
Бизнес кылабыз деп аялдарды алдап жүргөн кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Видео
11:52 19.01.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Укук коргоо органдары шектүүнүн алдамчылык боюнча 12 фактыга тиешеси бар экенин аныктаган. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 1,4 миллион сомду түзөт.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Бишкекте алдамчылыкка шектелген 41 жаштагы А. К. аттуу жаран кармалганын Октябрь РИИБдин маалымат кызматы билдирди.
Колго түшүрүлгөн эркек киши уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган. Укук коргоо органдары анын алдамчылык боюнча 12 фактыга тиешеси бар экенин аныктаган. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 1,4 миллион сомду түзөт.
РИИБ аны милицияга алып келе жаткан видеону чыгарды.
Кылмыштардын бири былтыр 25-декабрда катталган. Арыз ээси март айында А.К. ага жер тилкесин сатып алууга жардам берем деп 180 миң сомун алгандыгын билдирген. Ошондой эле 2019-жылдын октябрь айында ага бизнес жүргүзүүнү сунуштап, 20 миң сомун алып байланышпай койгон.
8-январда дагы бир аял укук коргоо органдарына кайрылган. Ал чогуу бизнес баштоону сунуштап, 60 миң сомун алган боюнча дайынсыз жоголгон кишини таап берүүнү суранган.
Алдамчылык фактылары каттоого алынып, тергөө амалдары жүрүп жатат.