https://sputnik.kg/20210201/buu-myanma-zhetekchilerinin-karmalyshy-boyuncha-1051298089.html
БУУ Мьянма жетекчилеринин кармалышы боюнча өз позициясын билдирди
БУУ Мьянма жетекчилеринин кармалышы боюнча өз позициясын билдирди
Sputnik Кыргызстан
Антониу Гутерриш өлкөдө мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлиги толугу менен аскерлердин колуна өтүп жатканына тынчсызданууда. 01.02.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-02-01T10:48+0600
2021-02-01T10:48+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
саясат
дүйнөдө
мьянма
антониу гутерриш
буу
мамлекеттик төңкөрүш
https://sputnik.kg/img/07e5/01/1a/1051226287_0:0:3177:1788_1920x0_80_0_0_89fbf27c318a624848970809b2029ad9.jpg
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш Мьянманын мамлекеттик кеңешчиси менен президентинин кармалышын сынга алды. Бул тууралуу анын маалымат катчысы Стефан Дюжаррикке шилтеме берип РИА Новости жазды.Ошондой эле Гутерриш өлкөдө мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлиги толугу менен аскерлердин колуна өтүп жатканына тынчсызданууда.Эске салсак, Мьянмада белгисиз адамдар мамлекеттик төңкөрүш жасап, президентти жана мамлекеттик кеңешчини кармап алышкан. Көп өтпөй башка ЖМКлар өлкөдө бийликти аскер кызматкерлери алмаштырганын жазып чыгышты. Аскерлер өлкөгө бир жылга созулган өзгөчө абал режимин жарыялап койду. Ушул тапта мамлекетте интернет жана уюлдук байланыш жок экени айтылууда.2020-жылдын ноябрында Мьянмада парламенттик шайлоо болгон. Анда бийликтин "Демократия үчүн улуттук лига" партиясы жеңип чыккан. Мындан соң "Тилектештик жана союзду өнүктүрүү" партиясын колдогон аскерлер добуш берүүнүн жыйынтыгына нааразы болуп келишкен.
https://sputnik.kg/20210115/trampka-impichmentchechim-ayagyna-chygaby-1051123900.html
мьянма
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/01/1a/1051226287_176:0:2907:2048_1920x0_80_0_0_cff660864bbbeee2f6166e386a21df37.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, саясат, дүйнөдө, мьянма, антониу гутерриш, буу, мамлекеттик төңкөрүш
жаңылыктар, саясат, дүйнөдө, мьянма, антониу гутерриш, буу, мамлекеттик төңкөрүш
БУУ Мьянма жетекчилеринин кармалышы боюнча өз позициясын билдирди
10:48 01.02.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Антониу Гутерриш өлкөдө мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлиги толугу менен аскерлердин колуна өтүп жатканына тынчсызданууда.
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш Мьянманын мамлекеттик кеңешчиси менен президентинин кармалышын сынга алды. Бул тууралуу анын маалымат катчысы Стефан Дюжаррикке шилтеме берип
РИА Новости жазды.
"Башкы катчы мамлекеттик кеңешчи Аун Сан Су Чжи менен президент Вин Мьиндин кармалышын туура эмес деп эсептейт. Ал аскер жетекчилерин Мьянма элинин тандоосун сыйлап, демократиялык нормаларды сактоого чакырат. Кандай гана пикир келишпестик болбосун сүйлөшүү жолу менен бүтүрсө болот деп эсептейт", — деди Дюжаррик.
Ошондой эле Гутерриш өлкөдө мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлиги толугу менен аскерлердин колуна өтүп жатканына тынчсызданууда.
Эске салсак, Мьянмада белгисиз адамдар мамлекеттик төңкөрүш жасап, президентти жана мамлекеттик кеңешчини
кармап алышкан. Көп өтпөй башка ЖМКлар өлкөдө бийликти аскер кызматкерлери алмаштырганын жазып чыгышты. Аскерлер өлкөгө бир жылга созулган өзгөчө абал режимин жарыялап койду. Ушул тапта мамлекетте интернет жана уюлдук байланыш жок экени айтылууда.
2020-жылдын ноябрында Мьянмада парламенттик шайлоо болгон. Анда бийликтин "Демократия үчүн улуттук лига" партиясы жеңип чыккан. Мындан соң "Тилектештик жана союзду өнүктүрүү" партиясын колдогон аскерлер добуш берүүнүн жыйынтыгына нааразы болуп келишкен.