00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
“Чоочун киши” сериалынын 2-сезону көрүүчүлөрдү эмнеси менен таң калдырат?
15:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Москвадагы театралдык окуу жай кыргызстандыктарды кабыл алат. Талаптары

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүТеатралдык институттун студенттери. Архив
Театралдык институттун студенттери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2021
Жазылуу
Окуу жайга кабыл алуу атайын түзүлгөн комиссиянын кароосунда үч тур менен өтөт. Билим алууну Россия каржылайт.
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Москва шаарындагы Михаил Щепкин атындагы жогорку театралдык институтка кыргызстандык абитуриенттерди бюджеттик негизде кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, билим алуу Россиянын мамлекеттик бюджетинин эсебинен каржыланат.
"2021-2022-окуу жылына карата бюджеттик негизде актёрдук чеберчилик боюнча "Драма театрынын жана кинонун актёру" адистигине күндүзгү бөлүмгө абитуриенттерди кабыл алууну жарыялайт. Окуу мөөнөтү 4 жыл", — деп жазылат маалыматта.
Ал үчүн абитуриенттер төмөндөгүдөй тапшырмаларды билүүсү жана аткаруусу зарыл:
  • Көркөм прозалык чыгармалардан монолог айтуу (3-7 мүнөт);
  • Тамсил (2-5 мүнөт);
  • Этюд. Маанилүү окуясы бар кыскача сюжетти үнсүз аткаруу (2-4 мүнөт);
  • Ыр. Поэзиялык чыгармалардан көркөм окуу (1-3 мүнөт);
  • Ыр. Обондуу чыгармалардан ырдоо же бий өнөрү боюнча бийлеп берүү (2-5 мүнөт);
Окуу жайга кабыл алуу атайын түзүлгөн комиссиянын кароосу менен үч турда өтөт.
  • 1-тур өлкөнүн жети облусунун борборундагы театр, оюн-зоок мекемелеринин имаратында 20-февралга чейин болот.
  • 2-тур Бишкек шаарындагы Бакен Кыдыкеева атындагы Мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрында 1-мартка чейин өтөт.
  • 3-турдун мөөнөтү эки турдун жыйынтыгынан кийин белгилүү болору айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0