https://sputnik.kg/20210219/yushkan-kylmyshtuu-top-myjzam-dolbooruu-1051509711.html
Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү бир да шайлоого катыша албайт. Мыйзам долбоору
Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү бир да шайлоого катыша албайт. Мыйзам долбоору
Sputnik Кыргызстан
ИИМ белгилегендей, эгер мыйзам долбоору кабыл алынса, анда уюшкан кылмыштуу топтун курамында кылмыш жасагандар же ага байланышы барлар саясий кызматтарга... 19.02.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-02-19T09:22+0600
2021-02-19T09:22+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
кыргызстан
саясат
коом
мыйзам долбоору
уюшкан кылмыштуу топ
криминал
иим
https://sputnik.kg/img/07e4/0c/13/1050834325_0:124:3201:1925_1920x0_80_0_0_6648867a7e4f7a142e8c1c2a28c66c72.jpg
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн жана аларга байланышы бар адамдарды президент жана парламенттик шайлоого катыштырбоо сунушталууда.ИИМ "Президент жана ЖК депутаттарын шайлоо боюнча" жана "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет тууралуу" конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатат.Мындан сырткары, мыйзамга уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү жергиликтүү кеңештин депутаты болбогондой жана мамлекеттик, муниципалдык кызматтарга дайындала албагандай өзгөрүү кирүүдө.ИИМ билдиргендей, мындай кызматтарга соттолгон адамдар, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топтордун курамында болгондор дайындалбаш керек. Ушул эле категорияга кылмыштуу топтордун кызыкчылыгын коргоп кылмыш кылгандар же ИИМдин каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары тургандар да кирери кошумчаланды.Министрлик уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү криминалдык акчаларды легалдаштыруу үчүн саясий партияларга, коомдук кыймылдарга кирип алышарын эскерткен. Мындан сырткары, кылмышкерлер тарабынан партияларды каржылоо да кооптуу тенденция экени белгиленди.ИИМ акыркы жылдары криминал чөйрөсүнүн өкүлү жок бир да парламенттик шайлоо кампаниясы өтпөй калганын кошумчалаган.Азыр конституциялык мыйзамга ылайык, соттолгондугун жойбогондор президенттик жана парламенттик шайлоого катышууга укугу жок.
https://sputnik.kg/20210203/uyushkan-kylmyshtuu-top-tashiev-1051325997.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/0c/13/1050834325_235:0:2966:2048_1920x0_80_0_0_ffed51bb56537badeb4702d4e8df242e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, саясат, коом, мыйзам долбоору, уюшкан кылмыштуу топ, криминал, иим
жаңылыктар, кыргызстан, саясат, коом, мыйзам долбоору, уюшкан кылмыштуу топ, криминал, иим
Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү бир да шайлоого катыша албайт. Мыйзам долбоору
09:22 19.02.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) ИИМ белгилегендей, эгер мыйзам долбоору кабыл алынса, анда уюшкан кылмыштуу топтун курамында кылмыш жасагандар же ага байланышы барлар саясий кызматтарга талапкерлигин кое алышпайт.
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн жана аларга байланышы бар адамдарды президент жана парламенттик шайлоого катыштырбоо сунушталууда.
ИИМ "Президент жана ЖК депутаттарын шайлоо боюнча" жана "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет тууралуу" конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатат.
Мындан сырткары, мыйзамга уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү жергиликтүү кеңештин депутаты болбогондой жана мамлекеттик, муниципалдык кызматтарга дайындала албагандай өзгөрүү кирүүдө.
ИИМ билдиргендей, мындай кызматтарга соттолгон адамдар, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топтордун курамында болгондор дайындалбаш керек. Ушул эле категорияга кылмыштуу топтордун кызыкчылыгын коргоп кылмыш кылгандар же ИИМдин каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары тургандар да кирери кошумчаланды.
Министрлик уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү криминалдык акчаларды легалдаштыруу үчүн саясий партияларга, коомдук кыймылдарга кирип алышарын эскерткен. Мындан сырткары, кылмышкерлер тарабынан партияларды каржылоо да кооптуу тенденция экени белгиленди.
ИИМ акыркы жылдары криминал чөйрөсүнүн өкүлү жок бир да парламенттик шайлоо кампаниясы өтпөй калганын кошумчалаган.
"Уюшкан кылмыштуу топтун кулачын жайып баратканы мамлекеттин жана коомдун коопсуздугуна коркунуч жаратат", — деп айтылат маалыматта.
Азыр конституциялык мыйзамга ылайык, соттолгондугун жойбогондор президенттик жана парламенттик шайлоого катышууга укугу жок.