https://sputnik.kg/20210304/akshaktyn-turloru-aryktoo-1051659222.html
Арыктоого жардам берип, организмди тазалаган акшактын беш түрү аталды
Арыктоого жардам берип, организмди тазалаган акшактын беш түрү аталды
Sputnik Кыргызстан
Дарыгердин айтымында, салмак таштайм деген киши ачык түстөгү акшакты өңү буурулга алмаштырышы керек. 04.03.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-03-04T08:29+0600
2021-03-04T08:29+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
дүйнөдө
диетолог
азык
дан
арыктоо
организм
гречка
https://sputnik.kg/img/07e5/03/03/1051659369_14:-1:3635:2047_1920x0_80_0_0_fbcd0f892d230a4585d115f235f5e116.jpg
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Диетолог Ольга Деккер ашыкча салмактан жеңил арылууга жардам берген акшактын түрлөрүн санады. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.Дарыгердин айтымында, салмак таштайм деген киши ачык түстөгү акшакты өңү буурулга алмаштырышы керек. Тагыраагы, экинчисине өтүшү шарт. Өңү буурул акшакка булгур, гречка, буудай, жүгөрү жана арпа кирет. Ошондой эле полба деп аталган буудайдын бир түрү, спельта жана күрөң күрүч да кара акшак болуп саналат.Деккер буудай акшагы иммунитетти бекемдеп, тери, чач, тырмакты жакшырта турганын айткан. Ошондой эле картаюу процессин жайлатат."Арпанын артыкчылыгы — ал организмден аллергендерди чыгарууга жардам берет. Бул дандын акшагы начар холестериндин деңгээлин азайтып, кан тамырды тазалайт", — деген Деккер.Булгур болсо уйкуну жакшыртып, стрессти жөнгө салат.Жүгөрү акшагы зат алмашууну тездетери белгиленди. Анын жыйынтыгы менен ашыкча салмак тезирээк кетет. Жүгөрү ичегинин ишин да жөнгө салып, калий, каротин, темир жана магнийге бай экени аныкталган.
https://sputnik.kg/20210303/dietolog-menen-maek-1051655358.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/03/03/1051659369_218:-1:3475:2047_1920x0_80_0_0_008997749b11d0a6f8e9e5da27a99403.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, диетолог, азык, дан, арыктоо, организм, гречка
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, диетолог, азык, дан, арыктоо, организм, гречка
Арыктоого жардам берип, организмди тазалаган акшактын беш түрү аталды
08:29 04.03.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Дарыгердин айтымында, салмак таштайм деген киши ачык түстөгү акшакты өңү буурулга алмаштырышы керек.
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Диетолог Ольга Деккер ашыкча салмактан жеңил арылууга жардам берген акшактын түрлөрүн санады. Бул тууралуу
РИА Новости кабарлады.
Дарыгердин айтымында, салмак таштайм деген киши ачык түстөгү акшакты өңү буурулга алмаштырышы керек. Тагыраагы, экинчисине өтүшү шарт. Өңү буурул акшакка булгур, гречка, буудай, жүгөрү жана арпа кирет. Ошондой эле полба деп аталган буудайдын бир түрү, спельта жана күрөң күрүч да кара акшак болуп саналат.
"Гречка B1, B2, B6, PP, P сыяктуу витаминдерге бай. Бирок бир күн кечке гречка менен эле чектелген болбойт. Мындай ыкма колдонгон учурда организм кайра көп запас топтойт", — деди адис.
3 Жалган Куран 2021, 18:00
Деккер буудай акшагы иммунитетти бекемдеп, тери, чач, тырмакты жакшырта турганын айткан. Ошондой эле картаюу процессин жайлатат.
"Арпанын артыкчылыгы — ал организмден аллергендерди чыгарууга жардам берет. Бул дандын акшагы начар холестериндин деңгээлин азайтып, кан тамырды тазалайт", — деген Деккер.
Булгур болсо уйкуну жакшыртып, стрессти жөнгө салат.
"Анын курамындагы магний диабеттин экинчи тибинин пайда болушун алдын алат. Ал эми калий менен фосфор сөөктү бекемдеп, булчуңду азыктандырып, мээни кычкылтекке толтурат", — деди ал.
Жүгөрү акшагы зат алмашууну тездетери белгиленди. Анын жыйынтыгы менен ашыкча салмак тезирээк кетет. Жүгөрү ичегинин ишин да жөнгө салып, калий, каротин, темир жана магнийге бай экени аныкталган.